Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив

Мээрим Жуманазарованын дүйнө чемпионатындагы алгачкы атаандашы айтылды

2234
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтында айтылгандай, ал түштүк кореялык Минджи Ха менен кез келет.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Жуманазарова атаандашы менен мелдештин баштапкы (квалификациялык) этабында кездешет.

Бүгүн дүйнө чемпионатынын кыз-келиндер күрөшүндө 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

2234
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, күрөш, дүйнө чемпионаты, Осло, беттешүү
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Айпери Медет кызы саналуу секунд калганда жеңишти алдырып, финалга өтпөй калды
Финалда күрөшөт. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы беттештеринин видеосу
АКШда профессионалдык боксчу кыргызстандык Басызбек Баратов. Архивдик сүрөт

Америка мени өзгөртүп койду. АКШдагы кыргызстандык мушкер менен маек

282
(жаңыланган 15:20 17.10.2021)
Жарым жыл ичинде кыргызстандык Басызбек Баратов АКШдагы профессионалдык бокс мелдештеринде үч ирет жеңишке жетти. Ал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына изги тилектери, спорттук карьерасы жана мекендеги бокс көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Басызбек Баратов 16 жашка толгон кезде ата-энеси Россияга иштеп кетет. Мушкерликке жаңыдан аралаша баштаган улан да көп өтпөй жакындарынын жанына, Москвага барат. Эки жылдан соң жаштар арасында Россия чемпиондугун утуп, кийин да боксту сүйүүчүлөр арасында россиялык борбор калаанын бир нече жолу чемпиону атыгат. Ушул тапта мушкер үй-бүлөсү менен Питтсбургда турат. Профессионалдык бокс боюнча дүйнө чемпиону болууну самайт. Өткөн айда эле кыргызстандык мушкер АКШда бешинчи ийгилигин жаратып, америкалык Жозеф Ридди жеңди. Мушкер мекендешибиз менен спорттогу карьерасы, Америкадагы турмушу тууралуу баарлаштык.

— Жеңишиңиз кут болсун! Алгач окурмандарга өзүңүз жөнүндө азыноолок кеп салсаңыз. Анан да АКШда бул чыйырыңыз качан башталды?

— Жалал-Абад облусундагы Барпы айылында төрөлгөм, бой жеткиче ошол жерде чоңойдум. 12 жашымдан тарта бокс менен машыгам. 16га толгон кезимде ата-энем Россияга сапар алган. Кийинчерээк мени да алып кетишти.

Москвада колледжге өтүп, бокс секциясына жазылдым. Тийиштүү тандоодон соң мени Армиянын борбордук спорттук клубуна (ЦСКА) кабыл алышты. 2010-жылы жаштар арасында (боксту сүйүүчүлөр ичинде) Россиянын чемпиондугуна татыгам. Кийин Москванын чемпиондугунда төрт ирет жеңишке жетишип, спорттун чебери болдум.

Ошол жылдары Россиянын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөдүм. Аскер кызматкерлеринин арасында да чемпионаттарга катышып, ийгиликтерге ээ болуп жүрдүм. 2015-жыл мен үчүн тагдыр чечерлик убак болду. Дээрлик бир маалда профессионалдык карьера боюнча үч: Азербайжан, Казакстан жана АКШдан сунуш түшпөспү. Американы тандадым, Филадельфиядагы бир уюм менен үч жылга келишим түздүм. Бирок ал уюм менен бир нече мелдеш өткөргөн соң макулдашууну бир жактуу бузууну чечтим. 

Кыргызстанский боксер Басызбек Баратов после тренировки по боксу в Питтсбурге (США). Архивное фото
© Фото / предоставлено Басызбеком Баратовым
Баратов: Жалал-Абад облусундагы Барпы айылында төрөлгөм, бой жеткиче ошол жерде чоңойдум. 12 жашымдан тарта бокс менен машыгам

— Эмнеге анттиңиз?

— Келишимде медициналык кызматтар каралбай, жеке маселелер эске алынбаптыр. Анан калса профессионалдык бокс бул жакта көпчүлүк элестеткендей эмес экен. Россияда боксту сүйүүчүлөр арасында мелдешип жүрүп да стипендия алчумун, иштебестен бокс менен гана машыкчумун. Америкага келерде көп каражат табам деген ойдо элем. Күткөнүмдөй болбоду.

Гонорарды жашаганыңа жеткирүү үчүн өз салмагыңдагы эң күчтүү 20 мушкердин сабына илинишиң керек. Ошондуктан мушкерлердин дээрлик баары иштен бошогондо гана машыгышат. Аны менен бирге эле бейтааныш жагдай да мага таасир этти окшойт. Айтор, мен үчүн кыйын эле болду, шарттары жаккан жок, ошол себептен баш тартууну чечтим. Кийин Кыргызстандан сүйлөшкөн кызым келди. Баш коштук, уулдуу болдук. Азыр эки баланы тарбиялайбыз.

Ошол маалда спорттогу карьерам аяктады окшойт деген ойлорго чулганып, үй-бүлө күтөм, жолтандабас, үй сатып алам, ошол мага жетет дедим.

— Кайрадан спортко кайтууга эмне түрткү болду?

— Америка мени бир топ өзгөрттү. Машина, үй — бул да жетишкендик чыгар, бирок материалдык нерселер менен гана чектелбеш керек. Бара-бара боксту чындап эңсей баштадым, чемпион кемерин тагынууну максат койдум. Андан кийин мекендеги кичинекей мушкерлерге билгенимди үйрөткүм келет.

Былтыр спортко кайтып, бирок пандемиянын айынан алгачкы беттеш быйыл өттү. Жаңы клубдун курамында май айынан бери үч жолу рингге чыктым.

  • Кыргызстанский боксер Басызбек Баратов во время поединка. Архивное фото
    Баратов: Россияда боксту сүйүүчүлөр арасында мелдешип жүрүп да стипендия алчумун, иштебестен бокс менен гана машыкчумун. Америкага келерде көп каражат табам деген ойдо элем. Күткөнүмдөй болбоду
    © Фото / Brett Rothmeyer
  • Кыргызстанский боксер Басызбек Баратов во время поединка. Архивное фото
    Баратов: Россияда боксту сүйүүчүлөр арасында мелдешип жүрүп да стипендия алчумун, иштебестен бокс менен гана машыкчумун. Америкага келерде көп каражат табам деген ойдо элем. Күткөнүмдөй болбоду
    © Фото / Brett Rothmeyer
  • Кыргызстанский боксер Басызбек Баратов во время поединка. Архивное фото
    Баратов: Россияда боксту сүйүүчүлөр арасында мелдешип жүрүп да стипендия алчумун, иштебестен бокс менен гана машыкчумун. Америкага келерде көп каражат табам деген ойдо элем. Күткөнүмдөй болбоду
    © Фото / Brett Rothmeyer
1 / 3
© Фото / Brett Rothmeyer
Баратов: Россияда боксту сүйүүчүлөр арасында мелдешип жүрүп да стипендия алчумун, иштебестен бокс менен гана машыкчумун. Америкага келерде көп каражат табам деген ойдо элем. Күткөнүмдөй болбоду

— Жакында 30га чыгат экенсиз, чемпиондукка карай чыйырды баштоого кеч эмеспи?

— Айрымдар бокс үчүн мени жашы улуу деп ойлошор, бирок андай эмес. 25 жаштагы мелдештеримди ойлосом, спорттун бул түрүн, анын маңызын түшүнчү эмес экенмин. Азыр өз мүмкүнчүлүктөрүмдү так баалай алам, дагы 3-4 жылым бар. Эң алдыңкы саптагы мушкер менен беттешке чыгуу үчүн алдыдагы беш-алты таймашта утуп чыгышым керек. Ошондон соң Америка бокс федерациясынын (ABF) кемери үчүн күрөшүүгө укук алам. Келерки беттеш декабрь айына белгиленди.

— Сөздөрүңүздөн бокс жетиштүү киреше алып келбейт экен деген бүтүм чыгарып турам. Анда жашоого кантип акча табасыз?

— Жаңыдан келген жылдары курулушта иштедим. Азыр негизинен жүк ташуучу унаа (трак) айдайм. Таксиден да кошумча табам. Бир аз токтолуп, үй-бүлө күткөнгөбү, жылдар ушунчалык тез өтүүдө дейсиз. Жаңы эле ойгонгондой болосуң, кайра эле күүгүм кирип калат. Спорттон алган гонорар жашоого жетпейт. Мисалы, менин деңгээлимдеги бир таймашка 2-5 миң доллар төлөнөт. Беттешке эки-үч ай камынганыңды эске алсаң, бул акча тамак-ашыңа да жете бербейт. Андан тышкары, батир жана бала бакчага төлөш керек. Баса, бул жакта бала бакча акысы аябай кымбат. Негизи эле Америкадагы турмуш оңой-олтоң эмес. Өнүккөн өлкөлөрдүн, ири калаалардын чыгымдары да кабелтең. Ошол себептен жумушту бул жакта биринчи орунга коесуң.

Ошентсе да жеңишим арткан сайын гонорарым да жогорулоодо, эми машыгууларга көбүрөөк басым жасоом керек. Азыр мага бул жакта жашаган туугандарым, досторум көмөктөшөт. Бир нече жолку беттештен кийин мени киреше өзү таап калар.

— Азыр сиздин статистикаңыз кандай? Кайсы мелдештер эсиңизде калды?

— АКШда жалпы сегиз таймаш болду. Бешөөндө уттум, бир ирет жеңилдим, эки жолу тең чыгып калдык. Эң биринчи беттеште утулуп калдым. Атаандашым күчтүү болчу дебейм, профессионалдык рингде экениме өзүм маани бербей калдым өңдөнөт.

Ал эми Лас-Вегаста өткөн мелдеште залдагы эл мекендешин – мексикалык мушкерди катуу сүрөөнгө алып турду. Мага каршы маанайда экенин ачык билдирип, ар бир кыймылымды жактырбаган добуш чыгарып жатышты. Ошол беттеш мен үчүн өтө оор болгон.

Сентябрда америкалык Жозеф Рид менен таймаштым. Ал спорттун бул түрүн сүйүүчүлөр арасында АКШ чемпиону, "Алтын мээлей" улуттук трофейинин ээси, бирок профессионалдык рингде анын биринчи беттеши эле.

Калыстар бир добуштан менин жеңгенимди жарыялашты. Мени сүрөп турган кыргызстандыктарга ырахмат. Залда өлкөбүздүн желегин көтөрүп колдоп жатышканын көрүп таң калдым. Кээ бири үй-бүлөсү менен келиптир.

— Негизи рингге чыгууга канча убакыт даярдануу зарыл?

— Мурдагысына төрт апта камынгам, ал эми өткөн айдагы мелдешке даярданууга алты апта кетти. Ошол тушта жумушту токтотуп, машыктыруучунун программасы боюнча машыгууга гана күч жумшайм. Таймаштар жок убакта машыгуу бир же бир жарым саатка созулат. Андан ашык убакыт бөлүүгө шарт болбойт. 

Кыргызстанский боксер Басызбек Баратов с коллегами в Питтсбурге (США). Архивное фото
© Фото / предоставлено Басызбеком Баратовым
Баратов: АКШда жалпы сегиз таймаш болду. Бешөөндө уттум, бир ирет жеңилдим, эки жолу тең чыгып калдык

— Кыргызстандагы бокс жаңылыктарына көз салат чыгарсыз. Соңку убакта жыйынтыктар анчалык көңүл жубатарлык эмес. Республикадан бир дагы мушкер Токио олимпиадасына катышкан жок, курама топтун машыктыруучулары да отставкага кетишине күбө болдук. Өлкөдөгү бокс тармагын өнүктүрүүгө эмне тартыш болууда деп ойлойсуз?

— Россия, Америкада таймаштым, Казакстан, Өзбекстандагы жагдайдан кабарым бар. Ал жактарда турнирлерди уюштуруу, мушкерлерди таанытууну менеджер, промоутерлер колго алган. Менимче, Кыргызстанда ушундай адистер жетишсиз. Машыктыруучулар залда өз ишин аткарат, анын тышында бизге күчтүү менеджмент керек. Продюсерлер аймактардан өнөрлүү ырчыларды тапкандай эле промоутерлер бул багытта да ошондой иш алып барууга тийиш. Албетте, каржы жагы бизде өтө чектелүү. Бирок кеп акчада гана эмес, пикирлештердин тобу да жетишсиз. Коңшу Анжиян, Чымкентте өткөн беттештерге биздин балдарды катыштыруу, облустарда аймактык таймаштарды өткөрүү үчүн демөөрчү табууга болот.

— Балким, маселе мушкерлерибиздин даярдыгында болуп жүрбөсүн...

— Жок, мушкерлерибиздин даярдыгы тийиштүү деңгээлде, башкалардан чабал эмес. Жөнөкөй эле мисал келтирейин, эмнеге Жалал-Абаддан олимпиадалык чемпиондор жок, ал эми Анжияндан бар?

Жаңыдан баштаган кезде Хасанбой Дусматов менен рингге чыккам, ал 2016-жылы Риодо өткөн Олимпиадада чемпиондукту багындырды. Башкача айтканда, биздин мушкерлерге колдоо гана жетишпей турат. Айрымдар жетекчилик кызматтарды узак мезгил ээлеп отуруп алышат. Бирок андан майнап чыкпаса жаңылануу абзел. Бокс — спорттун олимпиадалык түрү, башкача мамиле, жаңы ыкмаларды талап кылат.

Кыргызстанда эки ири иш-чара: Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык турнир жана республика чемпиондугу өткөрүлөт. Андан бөлөк уюштурулбайт, ал эми сыртка чыгууга демөөрчүлөр керек. Таланттуу балдарыбыздын өз күчүн көрсөтө албаганы кейиштүү. 

Кыргызстанский боксер Басызбек Баратов на поединке по боксу с членами семьи в Питтсбурге (США). Архивное фото
© Фото / предоставлено Басызбеком Баратовым
Баратов: мекенди, албетте, сагынбай койбойсуң. Бирок адегенде Америкада чемпиондукту багындырып, кемер тагынууга умтулам

— Америкадагы спорттон тышкаркы жашооңуз тууралуу да айтып берсеңиз?

— Бош убакыт табылса эле мекендештер менен кезиге калабыз, бири-бирибиздикине конокко барып, чогуу жүрүүгө тырышабыз. Бул жакта кыргызстандыктардын баары алдыга умтулуп, иш менен алек, үй-бүлөсүн багуу үчүн тынымсыз мээнеттенишет.

Мекендешин алдап же аны "сатып кетүүгө" аракет кылган кишини уга элекмин. Баткендеги апрель-май айларындагы окуялар биздин диаспоранын биримдигин көрсөттү. Ар бири салымын кошуп, жаңжалда жабыркагандар үчүн бир нече күн ичинде бир топ каражат топтой алдык.

— Кыргызстанга качан сапар алам деп турасыз?

— Мекенди, албетте, сагынбай койбойсуң. Бирок адегенде Америкада чемпиондукту багындырып, кемер тагынууга умтулам. Андан соң үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга барсакпы дейм. Негизи өлкөгө барганда бокс мектебин түптөгүм келет, эгер ал тилегим да ишке ашпай калса, машыгуу залдарына баш багып, тажрыйбамдан бөлүшмөкчүмүн.

282
Белгилер:
бокс, мекендештер, АКШ, Басызбек Баратов, Россия, Мигрант, машыгуу, ринг, мелдеш, максат
Тема боюнча
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум
Өлкөнүн бокс боюнча машыктыруучулары толугу менен иштен кетмей болду. Себеби
Калсы матч учурунда. Архив

Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар

296
(жаңыланган 20:31 16.10.2021)
Акыркы жылдары ата мекендик адистердин дүйнөлүк спорт аренасынын бийик чокусунда Кыргызстанды таанытып, ири мелдештерде калыстык кылганы өлкөгө сыймык алып келүүдө.

Жакында эле футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде Кыргызстандын жараны Нурдин Букуев башкы калыстык кылса, Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун экстра-класстагы калысы, кыргызстандык Мейрамбек Ахметов жакында эл аралык карьерасын жыйынтыктады.

Sputnik Кыргызстан спорттук мелдештерди дүйнөлүк аренада тейлөөгө жетишкен ата мекендик адистер тууралуу маалыматтарды чогултту.

Кочкорбек Кулматов — үч Олимпиадада беттештерге калыстык кылган күрөш адиси

Кочкорбек Кулматов 63 жашта. Күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. FILA (Бириккен күрөш түрлөрүнүн эл аралык федерациясы, азыркы Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун спорттук күрөш боюнча олимпиадалык деңгээлдеги калысы. Карьерасында үч Олимпиадалык оюндарда спорт адиси катары катышкан. 2008-жылы Пекин, 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио-де Жанейро шаарларында өткөн Олимпиадалык оюндарда эркин, грек-рим жана кыздар күрөшү боюнча беттештерди тейлеген.

Судья по спортивной борьбе олимпийского уровня Кочкорбек Кулматов во время схватки Тогрула Аскерова и Сослана Рамонова на Летних Олимпийских играх 2016. Архивное фото
© Фото / предоставлено Кочкорбеком Кулматовым
Кочкорбек Кулматов 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмактагы балбандардын беттешин тейлеген учуру

Эл аралык карьерасын 2003-жылы алгачкы жолу дүйнө чемпионатындагы беттештерде баштаган. Олимпиададан сырткары беш Азия оюндарына жана 11 дүйнө чемпионатына рефери болгон. 2017-жылы эл аралык карьерасын жыйынтыктаган.

Эл аралык олимпиада комитетинин мурдагы президенти Жак Рогге 2012-жылы Лондондогу Олимпиадалык оюндардан соң Кулматовго: "Мыкты, бейтарап калыстык кылат. Ушундай адилет реферилерден улам спорттук күрөштүн баркы ар дайым бийик болот", — деп баа берген.

Машыктыруучу катары дүйнө жана Азия мелдештеринде жеңүүчү болгон 180 балбанды тарбиялап чыккан.

Калыстык карьерасында 2016-жылдагы Рио Олимпиадасында эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмактын финалында азербайжандык Тогрул Аскеров менен россиялык Сослан Рамоновдун беттешин тейлегенин эң эсте калган учур деп эсептейт. Анда россиялык балбан мөөнөтүнөн мурда эсепти 10 упай айырмасына жеткирип чемпион болгон.

Нурдин Букуев — футзал боюнча 4 дүйнө чемпионатын тейлеген FIFA калысы

Нурдин Букуев 41 жашта. 2006-жылы "Эл аралык даражадагы калыс" наамын алган. Азыркы күнгө чейин ал Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) футзал калысы болуп келет.

Рефери FIFA, заместитель генерального секретаря Федерации футбола КР Нурдин Букуев
© Фото / пресс-служба ФФКР
Футзал боюнча төрт дүйнө чемпионатында, анын ичинде 2021-жылы Литвада өткөн биринчиликтин финалдык беттешинде башкы судьялык кылган FIFA калысы

2007-жылдагы Азия чемпионатындагы беттештерди тейлеп, тушоосу кесилген. 2013-жылы "Азиянын мыкты калысы", ал эми 2017-жылы дүйнөдө UMBRO Futsal Awards сыйлыгынын "Мыкты арбитр" наамына көрсөтүлгөн.

Букуев 2021-жылдын сентябрь айында Литва өлкөсүндө өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина менен Португалиянын курама командаларынын беттешинде башка калыстык кылды.

Кыргызстандык адис аталган мелдештин үч беттешин тейлеп, дүйнө биринчилигиндеги оюнга калыстык кылуу жагынан рекордсмен болду. Кыргызстандык адис дал ушул беттешти тейлөө эсте калган учур болгонун бегилеген.

"2007-жылдан бери жети жолу Азия чемпионатын, төрт дүйнө чемпионатын, бир нече жолу интерконтиненттик, Жабык имаратта өтүүчү Азия оюндары сыяктуу мелдештерге калыстык кылдым. Литвада өткөн дүйнө биринчилигинин финалдык беттеши өзгөчө болду", — деген Букуев.

Бул үчүн башкы калыс катары өзү жетектеген тобу менен FIFA президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алды.

Мукаш Ырсалиев — AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси

Мукаш Ырсалиев 51 жашта. Бокс боюнча Советтер Союзунун (СССР) спорт чебери, Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) экстра-класстагы калысы болуп саналат. Ырсалиев 2010-жылдан тарта аталган эл аралык уюмдун калыстар тобуна мүчө.

Судья высшего класса AIBA Мукаш Ирсалиев с коллегами. Архивное фото
© Фото / предоставлено Мукашем Ирсалиевым
AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев (сүрөттө ортодо)

2011-жылы бокс боюнча Казакстандын Астана шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатындагы калыстыгы үчүн AIBA уюмунун президенти Чинг Куо ВУнун колунан алтын медаль жана сертификат алган. Мындан сырткары, ал 11 жылдан бери өспүрүмдөр, жаштар, кыз-келиндер, чоңдор арасындагы алты алты дүйнө чемпионатын, үч Европа чемпионатын, жети Азия чемпионатындагы беттештерди тейледи.

Судья высшего класса AIBA Мукаш Ирсалиев с коллегами и боксером Майком Тайсоном. Архивное фото
© Фото / предоставлено Мукашем Ирсалиевым
AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев кесиптештери чогуу атактуу Майк Тайсон менен (Ырсалиев солдон оңго карай биринчиде турат)

Ырсалиев 2020-21-жылы Лондон жана Париж шаарларында өткөн Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү Европалык тандоо мелдешиндеги беттештерде калыс болгон.

2021-жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатта кыздар боксунун 81 килограмм салмакта түркиялык мушкер Бусра Исилдар менен россиялык Ксения Олифиренконун финалдык таймашына калыстык кылган.

Ырсалиев Кыргызстандын бокс боюнча быйылкы чемпионатында мыкты судья деп табылды.

Бахадыр Кочкаров — дүйнө чемпионатында Месси ойногон беттешти тейлеген

Бахадыр Кочкаров 51 жашта. Футбол боюнча FIFA калысы. Спорттук карьерасында Азия, дүйнө чемпионаттарындагы беттештерди тейлеген.

Кыргызстанский рефери Бахадыр Кочкаров с кубком мира ФИФА. Архивное фото
© Фото / предоставлено Бахадыром Кочкаровым
FIFA уюмунун экс-калысы Бахадыр Кочкаров футбол боюнча 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатында алтын кубоктун жанында турат

2018-2019-жылдары FIFA уюмунун алкагында эл аралык матчтарды тейлөө боюнча рекордсмен болгон. 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында FIFA калысы, өзбекстандык адис Равшан Ирматовдун тобунда капталдагы калысы болуп бир нече оюнду тескеген.

Кезегинде атактуу Диего Марадона башкы машыктыруучу, дүйнөнүн мыкты оюнчусу Лионель Месси капитан болуп ойногон Аргентина курама командасы менен Грециянын оюнун тейлешкен. Беттештен соң Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирген да, Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган.

Кыргызстанский рефери Бахадыр Кочкаров во время встречи с Марадоной. Архивное фото
© Фото / предоставлено Бахадыром Кочкаровым
Беттештен соң Марадона калыстар тобуна ыраазычылык билдирген да, Кочкаровдун колун кысып, кайсы өлкөдөн экенин сураган

"Марадона атайын басып келип, калыстар тобу менен кол алышып беттеш мыкты тейленгендиги үчүн ыраазычылыгын айтты. Анан кайсы өлкөдөн экенибизди сурады. Мен Марадона менен дагы эки ирет жолуккам", — деп эскерет кыргызстандык калыс.

Бахадыр Кочкаров 2010-жылдагы дүйнө чемпионатында мыкты калыстык кылганы үчүн алтын медаль менен сыйланган. Мындай сыйлыкка Кочкаров бир канча жолу татыган. Учурда Кыргыз футболдук союзунда калыстар комитетинин төрагасы болуп эмгектенет.

Мейрамбек Ахметов — эмгек сиңирген машыктыруучу жана UWW уюмунун калысы

Мейрамбек Ахметов — грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы болуп саналат. Аталган уюмдун калыстар тобуна 1994-жылдан тарта мүчө.

Заслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов в зале, где тренирует воспитанников
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
United World Wrestling уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов

UWW рефериси катары көптөгөн Азия, Европа, дүйнөлүк, эл аралык ири мелдештерди тейлеген.

2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештин беттештерине калыстык кылды.

Ахметов 2-10-октябрда Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан кийин эл аралык карьерасын расмий жыйынтыктады. Залдагы күйөрмандар ордунан туруп, кол чаап узатышты.

Ахметов олимпиадалык категориядагы калыс, ошол эле учурда беш Олимпиадага балбан таптап чыгарган кыргызстандык жалгыз машыктыруучу катары белгилүү. Ал Олимпиададан күмүш медаль алган Канатбек Бегалиев менен Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу. Мындан сырткары, дүйнө, Азия чемпионаттарынан байге уткан көптөгөн балбандарды тарбиялаган.

296
Белгилер:
спорт, калыс, дүйнө чемпионаты, Олимпиадалык оюндар
Тема боюнча
Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем
Бул киши жок дүйнөдө бир да бильярд чемпионаты өтпөйт. Уста Жакыпбековдун маеги
Кыргызстандык Оморканов Эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болуп шайланды
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар
Лампочка. Архивдик сүрөт

Эртең Бишкектин 21 көчөсүндө электр энергиясы болбойт. Тизме

0
Адистер пландалган оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөрүн, электр кубаты кыска мөөнөткө өчөрүн кабарлашты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-октябрда, Бишкектин бир катар райондорунда электр энергиясы өчүрүлөрү күтүлүп жатат. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар эл жашаган үйлөрдөгү тийиштүү тармактарды техникалык кароодон өткөрүп, зарылдыгы болгон жерлерде трансформаторлорду алмаштырары айтылды.

Төмөнкү сааттарда жана төмөнкү аймактарда электр кубаты өчүрүлөт:

  • 8:00 - 17:00 — Проскуряков көчөсүнүн тилкесинде;
  • 9:00 - 17:00 — Токтоналиев көчөсүндөгү № 54 үйдө;
  • 9:00 - 18:00 — Дэн Сяопин проспектинин, Месарош, 9-январь, Орозов, Жамгырчинов, Кайназарова көчөлөрүнүн, Гатчинск кууш көчөсүнүн тилкелеринде, Арча-Бешик ( Чатыр-Көл көч.), Ак-Босого ( Чүй 16-21, 31-34, 39-41, Түлөбердев көч.) конуштарында;
  • 9:30 - 12:00 — Ала-Тоо, Жукеев-Пудовкин, Медеров, Карасаев көчөлөрүнүн, Гвардия, Кокан, Вишнев  кууш көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 9:30 - 16:00 — 5-кичи райондо (№ 59-61, 63 үйлөр);
  • 9:30 - 17:00 — 3-кичи райондо (№ 25 үйдө);
  • 9:30 - 19:00 — Элебесов көчөсүнүн, Дорожный чолок көчөсүнүн тилкелеринде жана Кайыңды конушунда;
  • 14:00 -17:00 — "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында.
0
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, өчүрүү
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы