Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатын финалында япониялык Рин Мьядзи менен мелдеште

Башталганда эле далысын жерге басты. Жуманазарова дүйнө чемпиону болгон видео

5636
(жаңыланган 09:34 08.10.2021)
Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Норвегияда чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон видео жарыяланды. Беттештин кызыктуу жерлерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналы жүктөдү.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жуманазарова дүйнө биринчилигинин финалында япониялык Рин Мьядзи менен кармашты. Беттештин алгачкы бөлүгүндө эле балбан атаандашын бир колу менен буттан, экинчи колу менен баштан кармап жерге жыгып алды. Бул мүмкүнчүлүктү кое бербестен атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Мээрим дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханды 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда россиялык Ханум Велиева менен кармашып, эсеп 3:3 менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатын буга чейин Айсулуу Тыныбекова эки ирет жеңген. Биринчи жолу 2019-жылы Нур-Султандан утса, экинчи ирет дал ушул Норвегияда жаңыртты.

5636
Белгилер:
Норвегия, Мээрим Жуманазарова, чемпион, жеңиш, видео
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Кыргызстан медалдар жарышында алдыңкы бештикте. Дүйнө чемпионатынын рейтинги
Капшыра кармап айласын кетирди! Айпери Медет кызы коло байге уткан видео
Өзүм үчүн тарых жаздым! Айсулуу Тыныбекованын мелдештен кийинки видеомаеги

Жаалданган күйөрмандар. Футбол талаасынан тартылган видео

100
(жаңыланган 18:57 23.10.2021)
"Сент-Этьен" футбол клубунун күйөрмандары Франция чемпионатынын 11-турунун оюндарынын алдында башаламандык уюштурган.

Видео спорттук EN MODE REPLAY YouTube каналына жарыяланды.

RMC Sport телеканалы башаламандыктан улам "Сент-Этьен" жана "Анжи" клубдарынын беттеши бир саатка жылдырганын кабарлады.

​Фанаттар жашыл майсаңга – оюн талаасына түтөгөн файер жана башка буюмдарды ыргытып, команда оюнунун жыйынтыгына нааразы экендигин билдиришкен. Андан сырткары "Сент-Этьендин" башкы машыктыруучусу Клод Пюэлдин кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Франция чемпионатынын 10-матчынан кийин аталган клуб турнирдик таблицада акыркы орунда калган, тагыраагы, болгону 4 упайы болгон. Команда бир дагы жеңишти камсыздай албай, ал эми акыркы жети беттештин алтоосунда жеңилип калган.

Клод Пюэль "Сент-Этьенди" 2019-жылдан бери машыктырып келет. Былтыркы сезондо 11-орунду ээлеген.

100
Белгилер:
Франция, футбол, команда, күйөрман, башаламандык
Тема боюнча
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
Бразилияда футболчу оюн учурунда калысты тепкилеп салды. Видео
Кикбоксчу Алексей Федосеев. Архивдик сүрөт

Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

126
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 

Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.

Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.

Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.

126
Белгилер:
Кыргызстан, Италия, Алексей Федосеев, кикбоксинг, спорт, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат
Whatsapp логотиби. Архивдик сүрөт

Программист мессенжердеги жазышууну толугу менен кантип өчүрүү керектигин айтты

0
Адистин айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мессенжердеги маалыматты өчүрүү өтө кыйын, жазышууларды тазалагандан кийин дагы иштеп чыгуучунун серверинде калып калат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "ИТ-Резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедов айтып берди.

Анын айтымында, мессенжерлер колдонуучулар тууралуу көп жеке маалыматтарга ээ жана анын баары серверде сакталат. Ал түшүндүргөндөй, жазышууда система билдирүүнү алгач иштеп чыгуучунун инфраструктурасына жиберет, андан кийин гана маектешип жаткан кишиге жөнөтүлөт.

"Жазышууну уюлдук телефондон же башка жактан өчүрүүнүн пайдасы жок. Муну менен аны түп-тамырынан бери өчүрө албайбыз", — деди программист.

Адистин айтымында, маалыматтарды ортомчусуз алмашууга мүмкүн, ал үчүн атайын программаларды көчүрүү керек. Маселен, peer-to-peer протоколдору боюнча иштеген программалар бар.

0
Белгилер:
программист, жазышуу, өчүрүү
Тема боюнча
Facebook өзүнө таандык WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды окуйт. Максаты
WhatsApp сүрөт менен видеону сапаттуу жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт