Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков мелдеш учурунда. Архив

Бүгүн Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күрөшөт

528
Норвегиянын Осло шаарында дүйнө чемпионаты уланууда. Бүгүн 60, 97 жана 130 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков бүгүн дүйнө чемпионатында килемге чыгат. 60 килограмм салмакта күч сынашкан балбан мелдештин 1/8 финалында беларустук Максим Кажарский менен кез келет.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Бүгүн 60, 97 жана 130 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.

Бүгүн ошондой эле 97 килограмм салмакта кыргызстандык Бексултан Махмудов таймашат. Ал квалификациялык турда даниялык Матияс Бак менен кез келет.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. Кечээ, 7-октябрда, кыз-келиндер күрөшү аяктады. Мелдеш 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

528
Белгилер:
Жоламан Шаршенбеков, Бексултан Махмудов, грек-рим күрөшү, дүйнө чемпионаты, беттешүү
Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
Тема боюнча
Тарыхый күн! Мээрим Жуманазарова алтын уткан беттештин толук видеосу
Кыргызстан медалдар жарышында алдыңкы бештикте. Дүйнө чемпионатынын рейтинги
Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча беттешчү балбандар. Тизме
Бразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде

Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео

37
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Ал 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ММА дүйнөсүндө Зулузинью каймана аты менен таанымал бразилиялык мушкер Вагнер да Консейсан Мартинс алакан менен жаакка чабышуу турниринде атаандашына нокаут менен утулду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Punchdown аталышындагы турнир Польшада өткөн. Бразилиялык мушкер жергиликтүү спортчу Кароль Филасиньски менен кармашкан.

​Видеодон Зулузиньюну каршылашы сол колу менен чапканда теңселе түшкөнүн, артындагылар кармайын деп, бирок алы жетпей, мушкер жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Анын салмагы 180 килограмм болсо, бою эки метр. Аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 14үн уткан. 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашып, 26 секундда эле жеңилип калган.

37
Белгилер:
мушкер, турнир, видео, жаакка чабуу
Тема боюнча
"Минип алып" ургулап. UFC мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC: Россия мушкерлеринин мыкты нокауттары. Видео
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Кыргызстандык калыстар Тажикстандын футзал чемпионатынын финалында

Тажикстандын футзал чемпионатынын финалын кыргызстандык калыстар тейледи. Сүрөт

94
(жаңыланган 14:07 25.10.2021)
Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалында "Сипар" менен "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти. Маалыматты өлкөнүн Футболдук союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти

Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди.

"Оюндар 23-24-октябрда Худжанд шаарындагы "Касри Варзиш" спорттук комплексинде өттү. Кыргызстандык калыстар эки беттешти тейлешти. Тажикстандын футболдук уюму финалдык беттештерди бейтарап тейлеп берүүнү өтүнүп бизге кайрылган. Биз аны кабыл алып, мыкты адистерди жибергенбиз. Эки беттеш тейленди, биздин арбитрлердин ишине карата эч кандай сын, терс пикир айтылган жок", — деди Букуев.

Ал ошондой эле эгер тажик тарап чечүүчү беттешти тейлөө боюнча өтүнүч келтирсе, КФС ага калыс жиберүүгө даяр экенин кошумчалады.

Финалдык сериядагы жалпы эсеп 2:2 болду. Чемпиондуктун тагдырын чечкен оюн 30-октябрда Душанбе шаарында өтөт.

94
Белгилер:
Кыргызстан, футзал, калыс, Тажикстан, чемпионат, финал, беттешүү, тейлөө
Тема боюнча
Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар
Букуев: бешинчи ирет дүйнө чемпионатына катышсамбы деген кыялым бар
Футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын "Суперлига" мелдеши башталат
Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев

Арзыбаев: ун тартыштыгы болбойт

0
Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу жаатында көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда буудай, кумшекер жана өсүмдүк майы эң көп керектелүүчү азык. Бул тууралуу Бексултан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арзыбаев: ун тартыштыгы болбойт

Анын айтымында, Кыргызстандагы эң негизги стратегиялык товар — ун, андан тартыштык жаралбайт.

"Азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзүндөгү продукциянын тартыштыгынан улам көтөрүлүп жатканы белгилүү болду. 2021-жылы суунун аздыгы да байкалды. Анын кесепетинен дан өсүмдүктөрү 20 пайызга аз өстүрүлдү. Биз ундун тартыштыгы болорун божомолдогонбуз. Анын алдын алуу үчүн жергиликтүү тегирменчилер, Айыл чарба жана Экономика министрликтери келишим түзгөн. Ага ылайык, тегирменчилер буудайдын калдыгы кебекти 17 сомдон жогору сата алышпайт. Биз анын ордуна Казакстандан импорттолгон ундун салыгынан бошотобуз. Келишим кабыл алынганга чейин сегиз тегирмен иштесе, андан кийин бардык облустар боюнча жалпы 23 тегирмен иштеп жатат. Андан тышкары, ар бир тегирменчи кампасында эки миң тоннадан буудай запас сактай турганы айтылган. Ошондо учурда 60 миң тонна буудай бар. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 1,5 миллиард сомго резервге кошумча буудай алынды. Эгерде ундун баасы кымбаттай турган болсо биз интервенция кылып кампадагы товарды рынокко чыгарабыз. Кыргызстанда буудай, кумшекер жана өсүмдүк майы эң көп керектелүүчү продукт. Ал эми өсүмдүк майынын 80 пайызын Россия менен Украина өндүрөт. Быйыл ал жакта күн караманын түшүмдүүлүгү абдан жакшы болду. Демек, алдыда баа өспөшү керек. Кошумча кумшекер менен майга мамлекет 318 миллион сом берген. Орто Азия чөлкөмүндө азык-түлүккө тартыштык жаралгандыктан биздеги товарлардын сыртка чыгып кетүү коркунучу пайда боло баштаган. Алсак, жүгөрү, арпа тоют өсүмдүктөрүнө болгон муктаждык Тажикстан, Кытай, Өзбекстанда өстү. Мисалы, бизде жүгөрү 21-23 сом болсо, коңшу өлкөлөрдө сегиз сомго кымбат. Эгер сыртка чыгарылса тоютка болгон баа, ошону менен бирге эт, сүттүн наркы да көтөрүлөт. Андыктан бул товарларды экспорттоого тыюу салынган", — деди Арзыбаев.

Адис баанын туруктуулугун камсыздоо үчүн Айыл чарба министрлиги жарманкелерди уюштуруп, ал эми Монополияга каршы агенттиги атаандаштыкка шарт түзүп берип жатканын кошумчалады.

0
Белгилер:
азык-түлүк, коопсуздук, баа, айыл чарба, Бексултан Арзыбаев
Тема боюнча
Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн