Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Видео

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Финалга чыгуу үчүн Шаршенбеков азербайжандык Мурад Мамедов менен кармашат. Жарым финалдык таймаштар кечки саат 20:45те башталат.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Чейрек финалдык этапта ал грузиялык Ираклий Дзимистаришвилини утуп алды. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.
Биринчи бөлүктө Жоламан ыкма жасаганы жатып атаандашынын алдында калып калды. Бул үчүн грузин балбанына эки упай берилди. Кыргыз спортчусу демилгени колго алып, атаандашты качырып кирип жыгып, далысын басып, таза жеңишти камсыздады.
Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Медаль, курдун баарын устатына тагып. Алкыш айткан чемпион кыздардын сүрөтү
60 килограмм салмакта ат салышкан Жоламан муну менен мелдештин жарым финалына өттү. Финалга чыгуу үчүн Шаршенбеков азербайжандык Мурад Мамедов менен кармашат.
Жарым финалдык таймаштар кечки саат 20:45те башталат.
Жоламан турнирде 1/8 финалдык баскычтан тарта күрөшүп, анда беларустук Максим Кажарскийди жеңген болчу. 
Жаңылыктар түрмөгү
0