Brave CF уюмун нокауту менен таңданткан Немат Абдрашитов беттешке чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов. Архив
Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Спортчу жазында дебюттук беттешинде уюмдун көрүүчүлөрүн нокауту менен таң калтырган. Ошондон кийин Brave CF төрт кармаш өткөрүүгө келишим түзгөн.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов Brave CF уюмундагы кезектеги беттешин 6-ноябрда Ростов-на-Дону шаарында өткөрөт. Бул тууралуу аталган спорттук компания кабарлады.
Анын атаандашы россиялык Абдулмуталип Гаирбеков болмокчу. Алар 65 килограмм салмакта кармашат.
Мушкер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
ACA: Алтынбек Мамашов мыкты беттеши үчүн 50 миң доллар бонус алды
Жазында промоушендин турниринде дебюттук беттешке чыккан Немат Абдрашитов россиялык Анзор Абдулходжаевди нокаутка кетирип утуп алган. Ал адегенде атаандашынын мойнунан муунтууга аракет кылган кучагынан чыгып, өзүн ээк тушка сулата чапкан. Беттештин видеосу көптөгөн көрүүчүлөрдү топтогон.
Ошондон кийин уюм менен төрт беттешке келишим түзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0