UFC: казакстандык кыз атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Видео

© AFP / Douglas P. DeFelice / Getty ImagesUFC мушкери. Архив
UFC мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Бул — 24 жаштагы Мария Агапованын UFC уюмундагы экинчи жеңиши. Ал Америкада акыркы үч жылдан бери жашап, машыгып келет.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Казакстандык Мария Агапова UFC уюмунун турниринде колумбиялык каршылашы Сабина Масону жеңип алды.
UFC Fight Night 194 турнири Лас-Вегаста өттү.
Агапова кармаштын үчүнчү раундунун алгачкы мүнөтүндө Масонун арт жагына өтүп, муунтуу ыкмасын колдонгон. Рефери беттешти токтоткон.
Казакстандык кыз беттештен кийинки интервьюсунда украиналык Марина Морозго чакырык таштады.
Мария Агапова 24 жашта. Казакстандын Павлодар шаарында төрөлүп өскөн. 2019-жылы UFC президенти Дана Уайттын шоусуна катышып, каршылашынан утулган. Буга байланыштуу Invicta уюму менен келишим түзүп, эки беттешти удаасы менен жеңгенден кийин гана UFC уюмуна жол ачылган. Былтыр уюмдун алкагында алгачкы беттешин утуп, экинчисинде жеңилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0