Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков

Медербек Сыдыков Кыргыз футболдук союзунун президенти болуп шайланды. Өмүр баяны

175
(жаңыланган 13:57 11.10.2021)
Бүгүн Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун кезексиз конгресси өттү. Күн тартибине КФСтин жаңы президентин шайлоо маселеси коюлган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Медербек Сыдыков Кыргызстандын футболдук союзунун президенти болуп шайланды. Жаңы жетекчи КФСтин бүгүн, 11-октябрда, өткөн кезексиз жыйынында тандалганын уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Футболдук союздун президенти кызматына эки талапкер — Семетей Султанов (2012-2017-жылдары аталган уюмдун башчысы) жана Медербек Сыдыков (КФСтин Башкы катчысы) ат салышты.

Кезексиз конгресске катышкан делегаттар алгач уюмдун буга чейинки башчысы Канатбек Маматовдун кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алышты.

Жаңы жетекчини шайлоодо 24 делегат (бардыгы 27) Сыдыковдун талапкерлигин колдоп добуш беришкен.

Өмүр баяны

Медербек Сыдыков 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Жалал-Абад Коммерциялык институтун "Мекемедеги экономика жана башкаруу" адистиги боюнча аяктап, экономист-менеджер квалификациясына ээ болгон. 2015-жылга чейин "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунда иштеген.

"Нефтчи" (Кочкор-Ата) футболдук клубунда ойноп Кыргызстандын жогорку лигасынын чемпиону, вице-чемпиону болгон. Ошондой эле аталган клуб менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу мелдешинде коло байгеге татыган. Кара-Суу (Ош) шаарынын "Жаштык-Акалтын" клубунун сабында ойноп, Кыргызстандын чемпионатында үчүнчү орунга жетишкен.

Сыдыков "Нефтчи" клубунда ойноп, ар кайсыл жылдары оюн менен кошо команданын администратору, машыктыруучусу, жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2012-2017-жылдары Кыргызстандын Футбол федерациясынын (азыркы Кыргыз футболдук союзу) аткаруу комитетине мүчө болгон. 2015-жылдын октябрынан 2016-жылдын декабрына чейин Башкы катчынын орун басары болгон. Ал эми 2017-жылдан бери КРдин футбол федерациясынын башкы катчысы болуп иштеп келген.

Эске салсак, КФСтин мурдагы башчысы Канатбек Маматов саясатка аттангандыгына байланыштуу кызматынан баш тарткан.

175
Белгилер:
Кыргызстан, Кыргыз футбол союзу, президент, Медербек Сыдыков
Тема боюнча
UWW калысы Мейрамбек Ахметов карьерасын жыйынтыктады. Зал туруп узаткан видео
Бразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде

Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео

45
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Ал 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ММА дүйнөсүндө Зулузинью каймана аты менен таанымал бразилиялык мушкер Вагнер да Консейсан Мартинс алакан менен жаакка чабышуу турниринде атаандашына нокаут менен утулду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Punchdown аталышындагы турнир Польшада өткөн. Бразилиялык мушкер жергиликтүү спортчу Кароль Филасиньски менен кармашкан.

​Видеодон Зулузиньюну каршылашы сол колу менен чапканда теңселе түшкөнүн, артындагылар кармайын деп, бирок алы жетпей, мушкер жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Анын салмагы 180 килограмм болсо, бою эки метр. Аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 14үн уткан. 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашып, 26 секундда эле жеңилип калган.

45
Белгилер:
мушкер, турнир, видео, жаакка чабуу
Тема боюнча
"Минип алып" ургулап. UFC мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC: Россия мушкерлеринин мыкты нокауттары. Видео
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Кыргызстандык калыстар Тажикстандын футзал чемпионатынын финалында

Тажикстандын футзал чемпионатынын финалын кыргызстандык калыстар тейледи. Сүрөт

94
(жаңыланган 14:07 25.10.2021)
Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалында "Сипар" менен "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти. Маалыматты өлкөнүн Футболдук союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
  • Кыргызстанские судьи по футзалу Элдияр Келдибеков и Талант Раимбердиев во время судейства финального матча профессиональной лиги Таджикистана. 25 октября 2021 года
    Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди
    © Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации футбола Таджикистана
Кыргызстандык футзал калыстары Элдияр Келдибеков менен Талант Раимбердиев Тажикстандын футзал боюнча профессионалдык лигасынын финалдык беттештерин тейлешти

Мелдеште Худжанд шаарынын "Сипар" клубу менен Душанбе шаарынын "Соро компания" клубдары беттешүүдө.

Кыргызстандык адистер кошуна өлкөнүн футзал боюнча чемпионатынын финалдык сериясынын үчүнчү жана төртүнчү беттештерине калыстык кылышты. Соңку оюндарда адегенде "Соро компания" клубу 6:2 менен утса, кийинкисинде "Сипар" 4:3 эсебинде жеңип, жалпы эсепти теңеди.

"Оюндар 23-24-октябрда Худжанд шаарындагы "Касри Варзиш" спорттук комплексинде өттү. Кыргызстандык калыстар эки беттешти тейлешти. Тажикстандын футболдук уюму финалдык беттештерди бейтарап тейлеп берүүнү өтүнүп бизге кайрылган. Биз аны кабыл алып, мыкты адистерди жибергенбиз. Эки беттеш тейленди, биздин арбитрлердин ишине карата эч кандай сын, терс пикир айтылган жок", — деди Букуев.

Ал ошондой эле эгер тажик тарап чечүүчү беттешти тейлөө боюнча өтүнүч келтирсе, КФС ага калыс жиберүүгө даяр экенин кошумчалады.

Финалдык сериядагы жалпы эсеп 2:2 болду. Чемпиондуктун тагдырын чечкен оюн 30-октябрда Душанбе шаарында өтөт.

94
Белгилер:
Кыргызстан, футзал, калыс, Тажикстан, чемпионат, финал, беттешүү, тейлөө
Тема боюнча
Тагдыр чечип... Дүйнөлүк беттештерди тейлеп таанылган кыргызстандык калыстар
Букуев: бешинчи ирет дүйнө чемпионатына катышсамбы деген кыялым бар
Футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын "Суперлига" мелдеши башталат
Алтын куймалары. Архив

Электрондук алтын деген эмне? Кыргызстанда кантип пайда көрсө болот

0
(жаңыланган 11:16 26.10.2021)
Кыргызстанда каражат салуу жана инвестициялоо популярдуу болуп баратат. Sputnik Кыргызстан накталай эмес металлдык эсептин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдап көрүүнү чечти.

Дүйнөдө накталай эмес металлдык эсеп кеңири тараган. Кыргызстанда мындай кызматты бир нече банктар көрсөтөт.

Накталай эмес металлдык эсеп деген эмне?

Алтындын өзүн сатып албайсыз — аны сиздин эсебиңизге жазып берет. Эгер аталган баалуу металлдын баасы жогоруласа ошондон пайда көрөсүз. Аны өзүңүздүн эле банкыңызга сатсаңыз болот. Алдыда акча салуунун мындай түрүнүн артыкчылык жана кемчиликтерин талдап, алтынга болгон бааны билип көрөбүз.

Алтындын наркы дүйнөлүк котировкадан көз каранды, андыктан Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кечки фиксингине таянып бааны белгилейбиз. Жыл башында троялык унциянын (31,1 грамм) наркы олку-солку болуп, бирок жалпы трендде төмөндөдү. Январдан 22-октябрга чейин унция 1943,2 доллардан 1808,25ке чейин түшүп кетти.

Быйыл эле арзандаганы болбосо, буга чейин тынымсыз кымбаттап келгенин белгилей кетүү керек. Мисалы, өткөн жылдын башында унция 1527,1 доллар турса, 2019-жылдын январында 1282,9 долларга бааланган. Башкача айтканда, быйыл арзандаса да мурунку жылдарга салыштырмалуу баасы түшкөн жок.

Артыкчылыгы

Накталай эмес металлдык эсеби барлар алтын куймаларынын ээлериндей болуп баалуу металлын урдап кетет деп кооптонбойт. Демек, сактоо жагынан кооптуулук жок.

Накталай эмес эсептен сатып алынган алтын берки куймаларга караганда арзан болот. Себеби аны жасоо жана транспорт менен ташууга акча кетпейт. Мисал үчүн бир грамм куйма 6400 сомдон жогору, ал эми электрондук алтын 5200 сомго чукул турат. Ири куймаларда мындай айырма жок, бирок сиз анчалык көп өлчөмдө алууга чамаңыз жетеби?

Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив
© Sputnik / Константин Михальчевский
Жеткиликтүү. Улуттук банктан эң азы бир грамм алтын сатып ала аласыз, ал эми накталай эмес металлдык эсептин алкагында 0,1 грамм сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Албетте, алтын эле эмес, платина, күмүш да сатып алса болот. Бул ыңгайлуу, себеби алардын баасы арзан, ошондой эле бир гана баалуу металлдын наркына көз карандуулук жаралбайт.

Салымдардын диверсификациясы. Мисалы, эгер сомдун курсу түшүп баратса, алтындын баасы өсөт. Мындай жол менен накталай эмес металлдык эсеп сомдун кунунан жоготкон акчанын ордун жаап берет.

Өтүмдүүлүгү жогору (ликвиддүү) — алтынды бардык банкка жумушчу күндөрү барып сатып, накталай акчасын ала аласыз. Ошол эле учурда финансылык мекемелерге барбай деле сатсаңыз болот. Ал үчүн накталай эмес металлдык эсеп уланган карточка жасатышыңыз керек, алтын ошол убактагы баа менен электрондук түрдө сомго конвертация болот.

Кемчилиги

Накталай эмес металлдык эсепте куймаларга караганда сатып алуу менен сатуунун ортосундагы айырма жогору.

Салыштыруу үчүн 25-октябрга карата маалыматты көрсөтөлү:

  • Улуттук банкта куйма: сатып алуу — 6 442 сом, сатуу — 6 410,5 (айырма 31,5 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "А" банкында: сатып алуу — 4 590, сатуу 5 190 (айырма 600 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "Б" банкында: сатып алуу — 4 735,27, сатуу 5 046,66 (айырма 311,4 сом).

Башкача айтканда, мындан пайда көрүү үчүн алтындын баасы өсүп турушу керек.

Накталай эмес металлдык эсеп камсыздандырылган эмес. Мамлекет салымдын 200 миң сомго чейинки суммасын сактоого кепилдик берет, эгер банкта жагымсыз жагдай жаралган болсо, электрондук алтынды кайтарып алуу оңойго турбайт.

Накталай эмес металлдык эсептен (куймалардан) депозит сыяктуу пайда көрүүгө эч ким кепилдик бербейт. Эгер алтын кымбаттаса жакшы, кокус арзандап кетсе артка кетесиз.

0
Белгилер:
алтын, металл, эсеп, артыкчылык, кемчилик, пайда, Улуттук банк
Тема боюнча
Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду