Кыргызстандын балбандары дүйнө чемпионатынан келишти

© Фото / пресс-служба ГАДМФКиСКыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан курама команда Бишкекке келди
Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан курама команда Бишкекке келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Спортчуларды "Манас" аэропортунан министрдин орун басары баштаган расмий топ, спортчулардын ата-энелери, туугандары, достору жана күрөш күйөрмандары тосуп алышты.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан курама команда Бишкекке келди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
12-октябрга караган түнү спортчулар "Манас" эл аралык аэропортуна келип конушкан. Курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Алибек Ташматов баштаган топ, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.
Колдон келбеген нерсе жок! Мээрим Жуманазарованын жеңиштен кийинки видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Колдон келбеген нерсе жок! Мээрим Жуманазарованын жеңиштен кийинки видеомаеги
Балташев балбандарды ийгиликтери менен куттуктап, алдыда чоң жеңиштерди каалады.
Белгилей кетсек, спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Осло шаарында (Норвегия) өттү.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын балбандары эки алтын, эки күмүш жана эки коло медаль алган.
Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп келишти.
Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы медалдар боюнча эсепте 5-орунга көтөрүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0