Оюндун башында эле өз талаасынан гол киргизген дарбазачы. Кытайдагы видео

© AFP / LAURENCE GRIFFITHSФутболчу оюн учурунда. Архив
Футболчу оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Кызыктуу көрүнүш өлкөнүн төртүнчү дивизионунда ойногон "Хубей Займинг" менен "Гуанчжи Ланьянг" клубдарынын беттешинде катталды.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кытайлык "Хубей Займинг" футболдук клубунун голкипери оюндун башталышында эле өз талаасынан атаандашына гол киргизди. Таң калтырган учур тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
Кызыктуу көрүнүш өлкөнүн төртүнчү дивизионунда ойногон "Хубей Займинг" менен "Гуанчжи Ланьянг" клубдарынын беттешинде катталды. Анын видеосу Twitter тармагындагы Drafts 3.7 аккаунтуна жүктөлдү.
​"Хубейдин" голкипери өз дарбазасына жасалган чабуулда топту каршы тарапка багыттап, ал голго айланган. Оюн талаасынын дээрлик бир четинен экинчи четине чейин учкан топтун кирип кетишине атаандаш команданын дарбазачысынын жаза басканы да себеп болгон. Ал жерге тийген топту үстүнөн өткөрүп жиберген.
Бул футбол тарыхында дарбазачы киргизген эң тез голдордун катарында биринчи эмес. Буга чейин 2013-жылы Англия премьер-лигасында "Сток Сити" — "Сатугемптон" беттешинде талаа ээлеринин голкипери Асмир Бегович оюндун 13-секундасында гол киргизген. 
Жаңылыктар түрмөгү
0