Айпери Медет кызы эми Сербиядагы дүйнө биринчилигинде күч сынашат

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчу азыркы тапта ага даярданып, машыгып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турчу 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык спорттук мелдеш 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Анда 23 жашка чейинки балбандар беттешет. Белгилей кетсек, 76 килограмм салмак менен күрөшкөн Айпери Медет кызы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.
"Негизи дүйнө чемпионатына жакшы даярданып барганбыз. Олимпиададан кийин жакындарым, машыктыруучуларым, элим менден алтын күтүшкөн. Тилекке каршы, алардын үмүтүн актай албай коло тагынып, өзүмө ыраазы болбой калдым. Осло шаарынан келгенден кийин агайларым "ушуну менен жылды жыйынтыктайбыз" дешти. Бирок мен 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышуу ниетимди билдирдим. Азыр мелдешке даярданып, машыгып жатам", — деди Медет кызы.
Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 76 килограмм салмакта төртүнчү орунга көтөрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0