Айпери Медет кызы: күтүүсүз нерсе адамды жаңы кадам жасоого түртөт экен

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздын сыймыктуу спортчуларынын бири Айпери Медет кызы
Кыргыздын сыймыктуу спортчуларынын бири Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева кыргыздын сыймыктуу спортчуларынын бири Айпери Медет кызын кепке тартып, маектешти.
Айпери Медет кызы сыртынан эле эмес, сүйлөшө келгенде деле токтоо, оор басырыктуу экен. Балбан суроолорубузга кыска, так жооп берип, бир кезде спортту таштап салганын айтып, жакындары, колдоо көрсөткөн адамдары, алдыдагы максаттары тууралуу ой бөлүштү.
— Айпери, түз эле машыгуудан келдим деп айтып калдыңыз. Дагы башка мелдешке даярданып жатасызбы?
— Ооба, ноябрдын башында Сербияда 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты өтөт. Ошол жакка даярданып жатам.
— Дүйнө чемпионатынан келгениңиздерге деле көп боло элек го. Кайрадан эл аралык мелдешке катышсаңыз организмге күч келип калбайбы?
— Чынында бир аз кыйын болуп жатат. Бирок бул маселени машыктыруучуларым менен чечишип алгам. Алар "дүйнө чемпионаты менен жылды жабабыз, сага кереги жок" деди. Бирок өзүм ал мелдешке баргым келип жатканын айтсам каршы болушкан жок.
Негизи Ослодогу дүйнө чемпионатына жакшы даярданып барганбыз. Олимпиададан кийин жакындарым, машыктыруучуларым, элим менден алтын күткөн. Бирок ал үмүттү актай албадым, алтын эмес коло тагындым. Эмнегедир өзүмө ыраазы болбой калдым. Ошол себептен дагы бир жолу күчүмдү сынап көрөйүн деп 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилигине барып келүүнү чечтим.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйпери Медет кызы: Ослодогу дүйнө чемпионатына жакшы даярданып барганбыз. Олимпиададан кийин жакындарым, машыктыруучуларым, элим менден алтын күткөн. Бирок ал үмүттү актай албадым, алтын эмес коло тагындым. Эмнегедир өзүмө ыраазы болбой калдым.
Бронзовая медалистка чемпионата мира по борьбе в Осло Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айпери Медет кызы: Ослодогу дүйнө чемпионатына жакшы даярданып барганбыз. Олимпиададан кийин жакындарым, машыктыруучуларым, элим менден алтын күткөн. Бирок ал үмүттү актай албадым, алтын эмес коло тагындым. Эмнегедир өзүмө ыраазы болбой калдым.
— Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандаштарыңызды караандатпай 10:0 эсебинде утуп жаттыңыз эле. Жарым финалга келгенде эмнегедир андай жыйынтык көрө алган жокпуз. Мунун себеби эмнеде? Толкунданып же коркуп кеттиңизби?
— Жарым финалдык беттеште Эстониядан келген балбан кыз менен кармаштым. Бул спортчу менен биринчи жолу беттешкен жокмун. Буга чейин Польшада күрөшүп жеңилип калгам.
Ослодо жарым финалда бир жерден ката кетирип алдым. Кармаш бүтөрүнө бир мүнөт калганда мен ыкма жасоого өттүм. Ага чейин 3:1 эсебинде утуп жаткам. Күрөш бүткөнгө чейин кармап коем деген ойдо болгом да. Бирок денем катып, иштебей калды. Анын үстүнө бир аз коркуп да койдум окшойт. Оюн бүтөрүнө 24 секунд калганда атаандашым бутума кирип, алты секунд калганда далыма жаткызып эки упай алып 3:3 эсеби менен жеңип кетти.
Сен күрөшөсүңбү? деп таң калышат. Балбан Сезим Жуманазарованын видеобаяны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
"Сен күрөшөсүңбү?" деп таң калышат. Балбан Сезим Жуманазарованын видеобаяны
— Демек, атаандашыңыз деле күчтүү болгон турбайбы.
— Ооба, атаандашым мыкты болчу. Буга чейин анын беттештерин көрүп, анализдеп келгенбиз. Бирок спортто биз күтпөгөн нерселер болуп турат экен. Ошол күтүлбөгөн нерсе адамды жаңы кадам жасоого, жаңы маалымат издөөгө мажбур кылат экен. Ар бир нерсени сыноо катары кабыл алам.
— Токиодогу Олимпиадада Аделина Грей менен болгон беттешиңиз бүткөн соң көпчүлүк калыстын аракеттерин туура эмес деп баалады. Буга сиздин оюңуз.
— Ооба, ал мелдештен кийин көп киши соцтармактан "калыс туура эмес баалады" деп жазып жатышты. Бирок күнөө калыстарда эмес, өзүмдө. Ал абалга жеткирбей эле упай алып коюшум керек болчу. Спорт деген спорт экен. Бул жерде мен эч кимди күнөөлөбөйм, өзүмдү гана күнөөлөйм. Калыстын чечими тууралуу да эч нерсе деп айта албайм.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйпери Медет кызы: спортто биз күтпөгөн нерселер болуп турат экен. Ошол күтүлбөгөн нерсе адамды жаңы кадам жасоого, жаңы маалымат издөөгө мажбур кылат экен. Ар бир нерсени сыноо катары кабыл алам.
Бронзовая медалистка чемпионата мира по борьбе в Осло Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айпери Медет кызы: спортто биз күтпөгөн нерселер болуп турат экен. Ошол күтүлбөгөн нерсе адамды жаңы кадам жасоого, жаңы маалымат издөөгө мажбур кылат экен. Ар бир нерсени сыноо катары кабыл алам.
— 76 килограмм салмакта сизге Кыргызстанда атаандаш жок деп айтышат. Негизи кандай? Барбы же жокпу, болсо кимдер?
— Кыргызстанда 76 килограмм салмакта мен эле күрөшөм. Ошол себептен Нурбек Изабеков агайым дайыма жанымда. Атаандаш кыз жок болгондуктан дайыма агай менен эле машыгам. Айрым учурда эркек балдар менен машыгып даярданып калам.
— Ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу айтып бересизби?
— Үйдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Апам орус тилден сабак берсе, атам дыйкан чарбасы менен алектенет. Үйдө көбү эле спортко жакын. Байкем улак тартат, эжем мурда чуркачу. Ал эми менден кийинки сиңдим күрөшкө бара баштады.
— Бала чагыңызда эле спортко жакын белеңиз?
— Кошуналарым жалаң эркек балдар болгондуктан кичине кезимде көбүнчө ошолор менен ойночумун. Күрөшкө 12 жашымда келгем. Спорттун бул түрүнө кызыгып калышыма Айсулуу Тыныбекова түрткү болгон. 2012-жылы анын Лондон Олимпиадасына катышканын телевизордон көрүп, мен да ушундай болсом деп кыялданып, ошону менен күрөштү тандап алгам. Бирок бир аз машыккандан кийин ортодон таштап салып, анан кайра келгем.
— Эмнеге таштап салдыңыз эле. Элдин "кыз бала күрөшпөйт" деген кеп-сөзүнөн эмеспи?
— Жок, негизи мен элдин кеп-сөзүнө деле маани бере бербейм. Анткени өзүмдүн максатым, келечегим бар дегендей.
Спортту таштаганыма бир нече учур себеп болгон. Биринчиден, кыйналып кеткем. Кичинемден чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом да. Күрөшкө барып машыгып жүргөндө чоң энем ооруп калды. Анан аны карап ооруканада жатканда "мен балбан болбой эле дарыгер болоюн" деп машыгууларга барбай калгам. Бирок апам менен чоң атам "Айпери, сен күрөшүшүң керек, сенден бир нерсе чыгат" деп туруп алышты. Айрым үй-бүлөлөрдө ата-энелери "кыздар кантип күрөшмөк эле, үйдө отур" деп тыюу салат го. Биздики тескерисинче, "сен күрөшүшүң керек" деп колдоо көрсөтүп жатып мени кайра балбан кылышты.
Анын үстүнө Дүйшөн агайым (Рахмадил Жуманазаров) чоң атама "кызың күрөшсүн" деген окшойт, чоң атам үйгө келген сайын "Дүйшөн агайың да күндө мага сени спортко кайра кайтсын, таланттуу деп айтууда. Күрөштү, машыгууларды кайра башта" деп жатып кайрадан күрөшүп калгам.
— Мээрим Жуманазарова экөөңөр бир айылдан турбайсыңарбы. Чогуу машыкчу белеңер?
— Ооба, экөөбүз кошунабыз. Чогуу машыгып жүрүп, мен жогоруда айткандай, эки жыл таштап салып кайра келгем. Дүйшөн агай менин алгачкы машыктыруучум.
— Дарыгерлик кесипти эмес спортту тандаганыңызга өкүнбөйсүзбү?
— Жок. Эч качан.
— Жетишкен ийгиликтериңизди чоң ата, чоң энеңиз көрүп калдыбы?
— Чоң атам бир-экөөнү көрүп калды.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйпери Медет кызы: Үйдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Апам орус тилден сабак берсе, атам дыйкан чарбасы менен алектенет. Үйдө көбү эле спортко жакын. Байкем улак тартат, эжем мурда чуркачу. Сиңдим күрөшкө бара баштады.
Бронзовая медалистка чемпионата мира по борьбе в Осло Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айпери Медет кызы: Үйдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Апам орус тилден сабак берсе, атам дыйкан чарбасы менен алектенет. Үйдө көбү эле спортко жакын. Байкем улак тартат, эжем мурда чуркачу. Сиңдим күрөшкө бара баштады.
— Андан кийин спорттон кетүү тууралуу ойлонбой калдыңызбы?
— Жок, ойлонбой калгам. Эми кээде күрөш түгүл машыгууга барбай койгуң келген учурлар болот. Башың же денең ооруп калса эртең менен машыктыруучуга бир шылтоо айтып койгуң келет. Бирок "Айпери, машыгып жатканыңа 7-8 жыл болду. Ушунча даярданып келип анан баарын бир күндө таштап коесуңбу, максатың эмне, Олимпиада, дүйнө чемпиону болосуңбу?! Анда тур, эгер болгуң келбесе, жата бер" деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп, дем-күчтөн берип машыгууга туруп кетем.
— Демек, өзүңүздү өзүңүз жоошутуп, мотивация бергенди билет экенсиз да.
— Ооба. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп турам.
Интервью серебряной медалистки ОИ в Токио Айсулуу Тыныбековой МИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Ызаландым, ыйладым, бирок күмүштүн баасы башкача болду. Айсулуу Тыныбекованын маеги
— Адам шыктанып турбаса ийгилик жарата албайт эмеспи. Сиз мотивацияны кимден же эмнеден аласыз?
— Көп учурда мотивацияны Айсулуу эжеден алам. Нурбек Изабеков да ар дайым шыктандырып, колдоо көрсөтүп турат. Экөө кандай күн болбосун ар дайым жанымда, дем-күч берип келишет. Нурбек агайым ыйласам сооротот, кубансам кошо сүйүнөт. Учурдан пайдаланып ошол адамдарга, машыктыруучуларыма, жакындарыма ыраазычылык билдирип кетем.
— Өмүр баяныңызда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин графикалык дизайн факультетинде окуганыңыз жазылыптыр. Графикалык дизайнга кызыгасызбы?
— Ооба, графикалык дизайнга, сүрөт тартканга кызыгам. Кээде бош убактымда сүрөт тартып калам.
— Сиздерде бош убакыт жок болсо керек, бирок спорттон тышкары көңүлүңүзгө эмне жакын?
— Биз жекшемби күндөрү эле эс алабыз. Ал күнү телефон деле карабайм, көбүнчө китеп окуп, уктап эс алганды жакшы көрөм.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйпери Медет кызы: Көп учурда мотивацияны Айсулуу эжеден алам. Нурбек Изабеков да ар дайым шыктандырып, колдоо көрсөтүп турат. Экөө кандай күн болбосун ар дайым жанымда, дем-күч берип келишет.
Бронзовая медалистка чемпионата мира по борьбе в Осло Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айпери Медет кызы: Көп учурда мотивацияны Айсулуу эжеден алам. Нурбек Изабеков да ар дайым шыктандырып, колдоо көрсөтүп турат. Экөө кандай күн болбосун ар дайым жанымда, дем-күч берип келишет.
— Кайсы китептер жагат?
— Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кайталап окуйм. Анан Брайан Трейсинин китептери да жагат.
— Алдыга койгон максатка жетүү үчүн жеке жашоону экинчи планга коюп, турмушка чыкпай турууга макулсузбу?
— Макулмун. Спортту тандап алган соң машыктыруучуларың, элиң сага алтын алат деп ишенип жаткандан кийин жоопкерчилик чоң болот экен. Ошол максатка жетип, андан кийин жеке турмушту ойлонсом деген ниетим бар.
— Эркектерде кандай сапаттарды баалайсыз?
— Ыймандуу, чечкиндүү, эр жүрөк жигиттер жагат.
— Токтоо, оор басырыктуу көрүнөсүз. Негизи Айпери үйдө же досторунун жанында кандай адам? Же ушундай элеби?
— Азыр кандай көрүнсөм, үйдө деле ошондой элемин. Досторумдун жанында ачылып, көбүрөөк сүйлөшүп калам.
— Достордун, жакындарыңыздын арасынан сырдашыңыз барбы, болсо ким?
— Нураида Анаркулова деген жакын курбум бар. Менин сырымды, мүнөзүмдү ошол адам жакшы билет. Анткени ал спортто, машыгууда, үйдө да дайыма жанымда. Андан сырткары, Айсулуу эже, машыктыруучулар менен да сырдашам.
Жаңылыктар түрмөгү
0