Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив

U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат

3219
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө биринчилиги 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыздар Айпери Медет кызы менен Назира Марсбек кызы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына даярданууда. Машыктыруучулар штабы эки гана спортчуну алып барууну пландап жатканын башкы насаатчы Нурбек Изабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Медет кызы буга чейин Sputnik Кыргызстанга берген маегинде аталган мелдешке даярданып жатканын айткан.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер) боюнча U23 дүйнө биринчилиги 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

Медет кызы 76 килограмм, ал эми Марсбек кызы 57 килограмм салмакта күч сынашат.

3219
Белгилер:
күрөш, Нурбек Изабеков, Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Сүйүнчү! Талант Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Видео
Кыйналып спортту таштаган күндөр болгон… Айпери Медет кызынын видеомаеги
Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалган Мелис Турганбаев. Архив

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды

32
(жаңыланган 23:00 03.12.2021)
Бүгүн Күрөш федерациясынын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан Турганбаевдин талапкерлигин колдоп берген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн, 3-декабрда, Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан 2024-жылдын аягына чейин Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп, аны президент кылып тандады.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2012-жылдан бери Эркин күрөш боюнча федерациянын вице-президенти болуп келген.

Буга чейин федерацияны жетектеген Шаршенбек Абдыкеримов 24-ноябрда ал бул кызматты тапшырып бергенин жар салган.

32
Белгилер:
Мелис Турганбаев, президент, күрөш, федерация, кызмат
Тема боюнча
Айсулуу, Акжол, Эрназар жеңүүчү. Спорттогу мыктылар сыйланган аземден сүрөт, видео
Дзюдочу. Архив

Кыргызстандык парадзюдочулар Азия жана Океания ачык мелдешинде байге утушту

41
(жаңыланган 18:36 03.12.2021)
Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Балбандар башкы машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги алдында турнирге катышты.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Хайитхон Хусан кызы жана Маматибраим Суранов парадзюдо боюнча Азия жана Океания ачык мелдешинде байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат.

"Парадзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хайитхон Хусан кызы 52 килограмм салмак категориясында күмүш медаль тагынды. Ал эми эркектер арасында 66 килограмм салмакта Маматибраим Суранов коло байгенин ээси болду", — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги алдында турнирге катышты.

41
Белгилер:
Хайитхон Хусан кызы, Маматибраим Суранов, парадзюдо, Азия жана Океания ачык мелдеши
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

0
(жаңыланган 00:10 04.12.2021)
Телефон менен сүйлөшүүдө Путин Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен да куттуктап кеткен.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Россияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.

Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдешти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Садыр Жапаров, Владимир Путин, сүйлөшүүлөр
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров: БШК бийлик кысым кылганын айтса, отставкага кетем
Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү