Чемпионго 100 миң доллар! Дүйнө чемпионатына барчу КР боксчулары аныкталды

© Sputnik / Павел ЛисицынБокчулар беттеш учурунда. Архив
Бокчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Бокс боюнча 2021-жылдагы дүйнө чемпионаты 24-октябрдан 6-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 12 мушкер бармай болду.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпионатына барчу Кыргызстандын улуттук командасынын курамы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Бокс федерациясы билдирди.
Дүйнө чемпионатын AIBA (Эл аралык бокс ассоциациясы) уюму уюштуруп жатат. Мелдешке дүйнөнүн беш континентинин спортчулары катышат. Мушкерлер алгачкы ирет 13 салмак категориясы боюнча ат салышмакчы.
Кыргызстандык команданын курамы:
  • Мирлан Түркбай уулу (48 килограмм, эл аралык даражадагы спорт чебери);
  • Азат Үсөналиев (51 килограмм, эл аралык даражадагы спорт чебери);
  • Санжар Сейдакматов (54 килограмм, спорт чебери);
  • Акылбек Эсенбек уулу (57 килограмм, спорт чебери);
  • Мунарбек Сейитбек уулу (60 килограмм, спорт чебери);
  • Жантөрө Ташиев (63,5 килограмм, спорт чебери);
  • Жакшылык Талайбеков (67 килограмм, спорт чебери);
  • Нурадин Рустамбек уулу (71 килограмм, спорт чебери);
  • Жаркын Туратов (75 килограмм, спорт чебери);
  • Өмүрбек Бекжигит уулу (80 килограмм, спорт чебери);
  • Эркин Адылбек уулу (86 килограмм, спорт чебери);
  • Рустам Ырысбек уулу (92 килограмм, спорт чебери).
Мелдештин жалпы байге фонду 2,6 миллион долларды түзөт. Чемпион болуп, алтын медаль уткан мушкерге 100 миң доллар акчалай сыйлык берилет. Күмүш байге ээлеген спортчу 50 миң, ал эми коло медаль жеңгендерге 25 миң доллар каралган.
Бокс боюнча 2021-жылдагы дүйнө чемпионаты 24-октябрдан 6-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0