Кыргызстандын курама командасынын футболчулары беттеш учрунда. Архив

Футбол: Азия кубогуна тандоо оюндары борборлоштурулган форматта өтөт

124
(жаңыланган 11:33 21.10.2021)
Азия футбол конфедерациясы бул оюндарды өткөрүүгө даяр болгон өлкөнүн арызын кабыл алууга даяр. Бирок белгилүү талаптар бар.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 2023-жылы өтүүчү Азия кубогуна тандоо оюндары борборлоштурулган форматта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Аткаруучу комитети мындай чечимди COVID-19 пандемиясына байланыштуу көйгөйлөрдөн улам кабыл алган. Мында "өз үйүндө — конокто" ойноо форматы четке кагылат. Бул чечим бардык командалардын коопсуздугу үчүн кабыл алынганы айтылууда.

Тандоо турунун тайпалык оюндары 2022-жылдын 8-11 жана 14-июнь күндөрү өтөт. Мелдеш 2023-жылдын 1-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда болмокчу.

Футболдук союз билдиргендей, АФК бул оюндарды өткөрүүгө даяр болгон өлкөнүн арызын кабыл алууга даяр. Бирок белгилүү талаптар бар.

Маселен, КФС бул беттештерди Бишкекте өткөрүүнү кааласа, анда ал ден соолук жана коопсуздук протоколдору менен стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн бир катар талаптарды аткарышы керек.

Буга бардык катышуучу командалар үчүн саякат жана карантин чектөөлөрү, кабыл алуучу өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, беттештер үчүн жетиштүү жайлар жана мелдешке катышкан бардык командалардын оюнчуларын COVID-19га каршы милдеттүү түрдө тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралат. Мындан сырткары, мелдеш AФКнын медициналык кызматкеринин тыкыр көзөмөлү астында өтүшү шарт.

Белгилей кетсек, Азия кубогуна тандоо турунда чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча ар биринде төрт командадан турган алты тайпа түзүлөт. Мелдештин финалдык баскычына ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү, ошондой эле экинчи орунду алган беш мыкты команда чыгат.

Чүчү кулак өтө турган датасы АФК тарабынан кийинчерээк жарыяланат.

Эске салсак, КР курама командасынын 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндары борборлоштурулган форматы Японияда өткөн. Анда улуттук команда дүйнө биринчилигине чыга алган эмес.

124
Белгилер:
футбол, Кыргызстан, Азия кубогу, Кыргыз футболдук союзу
Тема боюнча
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив

Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту

25
(жаңыланган 01:28 04.12.2021)
Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды. Спортчу кыздардын таймашын Россиянын Спорттук күрөш федерациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Кармаштын биринчи эле бөлүгүндө Мээрим адегенде контр чабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучусу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган.

Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.

Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан.

Ал эми үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган.

25
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Ханум Велиева, мелдеш
Тема боюнча
Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... Легендарлуу Хаким агайдын видеосу
Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды
Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалган Мелис Турганбаев. Архив

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды

35
(жаңыланган 23:00 03.12.2021)
Бүгүн Күрөш федерациясынын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан Турганбаевдин талапкерлигин колдоп берген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн, 3-декабрда, Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан 2024-жылдын аягына чейин Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп, аны президент кылып тандады.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2012-жылдан бери Эркин күрөш боюнча федерациянын вице-президенти болуп келген.

Буга чейин федерацияны жетектеген Шаршенбек Абдыкеримов 24-ноябрда ал бул кызматты тапшырып бергенин жар салган.

35
Белгилер:
Мелис Турганбаев, президент, күрөш, федерация, кызмат
Тема боюнча
Айсулуу, Акжол, Эрназар жеңүүчү. Спорттогу мыктылар сыйланган аземден сүрөт, видео