Гимнаст Айша Изабекова Япониядагы дүйнө чемпионатына катышат

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүКыргызстандык гимнаст Айша Изабекова
Кыргызстандык гимнаст Айша Изабекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Учурда Айша Москвадагы Ирина Винер-Усманованын гимнастика борборунда даярдык көрүүдө. Мелдеш 27-30-октябрь күндөрү Китакюсю шаарында өтөт.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык гимнаст Айша Изабекова Японияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРдин Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова билдирди.
Мелдеш 27-30-октябрь күндөрү Китакюсю шаарында өтөт.
Федерациянын башчысы дүйнө чемпионатынын жаңы эрежеси боюнча бир өлкөдөн бирден гана спортчу катыша аларын белгиледи.
Учурда Айша Москвадагы Ирина Винер-Усманованын гимнастика борборунда даярдык көрүүдө. Японияга спортчуну машыктыруучусу Аделина Шаяхметова жана калыс Злата Тулубаева коштоп барат.
Кыргыздын сыймыктуу спортчуларынын бири Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Айпери Медет кызы: күтүүсүз нерсе адамды жаңы кадам жасоого түртөт экен
Айша Изабекова 18 жашта. Көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, Азия кубогунан күмүш жан коло медалдарды алган. Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышкан.
Айша — ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков менен Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарованын кызы.
Жаңылыктар түрмөгү
0