Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПодготовка М. Ласицкене к Олимпиаде - 2020
Подготовка М. Ласицкене к Олимпиаде - 2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Эске сала кетсек, быйыл кыргызстандык балбан кыздар тарых жаратты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алды,
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Министрлер кабинети жакынкы арада спорттук объектинин курулушун баштайт. Машыгуу жайы спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзүп, жаштарды күрөшкө алып келет деп ишенебиз. Спорттук залда бардык зарыл шарттар каралат", — деп жазылган маалыматта.
Эске сала кетсек, быйыл кыргызстандык балбан кыздар тарых жаратты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аялдардын арасында Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло алды, ошондой эле Айпери Медет кызы бешинчи орунга татыды. Мындан сырткары, Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Тыныбекова менен Жуманазарова алтын, Медет кызы коло уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0