Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы

Бали! КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды. Голдордун видеосу

5093
(жаңыланган 22:07 24.10.2021)
Жеңиш алып келген голду Арлен Шаршенбеков камсыз кылды. Ал согончогу менен тээп, атаандаштын дарбазасына топ киргизди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия  кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды.

Континенталдык биринчиликке жол аччу мелдеште улуттук командага алгач Е тайпасынын оюну өтүп жаткан талаа ээси — БАЭ командасы туш болгон. Матч Фуджайра стадионунда өттү.

Биринчи тайм 1:0 эсеби менен атаандаштардын пайдасына аяктады. Бирок экинчи бөлүктүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол тээп киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен тээп киргизген тобу командага жеңиш алып келди.

Эскерте кетсек, Кыргызстан чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми КР футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

5093
Белгилер:
футбол, Кыргызстан, Бириккен Араб Эмирлиги, мелдеш, гол, жеңиш
Тема боюнча
Жаалданган күйөрмандар. Футбол талаасынан тартылган видео
Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт

Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат

377
(жаңыланган 12:50 04.12.2021)
Жуманазарова быйыл төрт ири мелдешке катышып, 114 упай топтоо менен дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга жайгашкан. Биринчи жана үчүнчү сапта америкалык жана нигериялык спортчулар турат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова (68 кг) быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) 7 миң доллар сыйлык алат. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.

Эл аралык спорттук уюм узаган жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга эми жыл сайын акчалай сыйлык берилип турмакчы. Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы атлеттерге үч миң доллар сый акы каралган.

Жуманазарова быйыл төрт мелдешке катышып, 114 упай топтоо менен рейтингде экинчи орунга жайгашкан.

"Жуманазарова Азия чемпиону болгондо 18, Польшадагы чемпионатта коло алганда 12, Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду багындырганда 26 упай, Ослодо дүйнө чемпионатын жеңгенде 58 упай топтой алды", — деп жазылган уюмдун сайтында.

Рейтингдин сап башын 123 упай менен америкалык Тамира Менса ээлеген, ал эми үчүнчүдө 90 упай менен нигериялык Блессинг Оборудуду турат.

Мээрим кечээ "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды.

Буга чейин UWW кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбековага 10 миң доллар, Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбековго үч миң доллардан сыйлык бермей болгон

377
Белгилер:
UWW, Мээрим Жуманазарова, күрөш, рейтинг, сыйлык
Тема боюнча
UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
Тыныбекова менен Жуманазарова атаандаш. Өлкөдө мыкты спортчулар аныкталууда

Кыргыздар кошо гимн ырдап... Жуманазарова Велиеваны Москвада уткан видео

688
(жаңыланган 11:34 04.12.2021)
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова россиялык атаандашы Ханум Велиевадан мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди. Беттеш "Гран-при Москва — АЛРОСА" кубогунун алкагында болду.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында Кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Биринчи эле бөлүктө Мээрим адегенде контрчабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган. Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген. Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан. Үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган

688
Белгилер:
Кыргызстан, Мээрим Жуманазарова, күрөш, балбан, жеңиш, видео
Тема боюнча
UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

0
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды