Темир айым! Олимпиада чемпиону Роман Власов Айсулуу Тыныбековага суктанды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГрек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын эки жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов. Архив
Грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын эки жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Грек-рим күрөшүнөн Россиянын капитаны өзүнүн Instagram баракчасына Айсулуу менен түшкөн сүрөтүн коюп, аны "Кыргызстандын сыймыгы!" деп атаган.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын эки жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбековага алкоо айтты. Россия курама командасынын капитаны өзүнүн Instagram баракчасына Айсулуу менен түшкөн сүрөтүн коюп, аны "Кыргызстандын сыймыгы" деп атаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Roman Vlasov (@vlasovroma90)

"Кыргызстандын күрөш тарыхында алгачкы жана жападан жалгыз дүйнө чемпиону. Темир айым!" — деп сүрөттүн астына билдирүү калтырган.
Өз кезегинде Айсулуу анын постуна "Сиз ар дайым биз үчүн үлгүсүз" деп жооп кайтарган.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Алтын күздөгү Айсулуу! Ажары арткан балбан кыздын жаңы сүрөттөрү
Айсулуу Тыныбекова быйыл Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан. Ал эми октябрь айынын башында Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигин жеңип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. Буга чейин 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн мелдеште биринчиликти ээлеп, Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатынын алгачкы алтын медалын алып келген.
Власов буга чейин кыргызстандык грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбековдун социалдык баракчасындагы постуна билдирүү жазган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0