Манас Ниязов баштаган 23 көк бөрүчү эл аралык даражадагы спортчу болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү боюнча мелдеш. Архив
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Эл аралык деңгээлдеги спорттук наам 23 улакчыга берилди. Алардын баары I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болушкан.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Үч жолу өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болгон көк бөрүчүлөргө Кыргызстандын эл аралык даражадагы спорт чебери наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Жалпысынан 23 балбан билек улакчы наамга татыган.
"Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптары менен чегин аткаргандыгынын негизинде көк бөрү боюнча "Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери" деген наамы менен I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.
Тизме:
  • Марлис Койгелдиев
  • Урмат Шерипбеков
  • Жолдошбек Орозбаев
  • Урмат Раушан уулу
  • Тынычбек Алыбаев
  • Сейитбек Анарбек уулу
  • Чубак Нурманбет уулу
  • Манас Ниязов
  • Айбек Темирбаев
  • Кубаныч Султан уулу
  • Рустам Тыналиев
  • Эрлан Төлөбеков
  • Уланбек Насакеев
  • Азат Насыпбеков
  • Айбек Иманалиев
  • Нурбек Юсупов
  • Темир Молдакулов
  • Айбек Эсеналиев
  • Байыш Ниязов
  • Урмат Мусаев
  • Улан Кыбраев
  • Аскат Батырбек уулу
  • Белек Мукаев
Наам Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 144-Н буйругу менен ыйгарылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0