Маджинов: 2 күн калды, дүйнө чемпионатына барчу балбандарга акча бөлүнө элек

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Башкы машыктыруучу каражат маселесинен улам биринчиликке аз эле балбанды жөнөтүүгө арагасыз болушканын белгиледи.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатына бара турган спортчуларга каражат бөлүнбөй жатат. Бул туурасында эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, чемпионат 1-ноябрда Сербиянын Белград шаарында башталат. Аз эле убакыт калганына карабай каржылоо маселеси чечиле элек. Маджинов ансыз да аз эле балбанды тандап жөнөтүүгө аргасыз болушканын айтты.
"Мына, грек-рим күрөшүнөн толук курам барбайт, кыздардан дагы экөө эле, эркин күрөштөн болгону алты жигит баратат. Бул каражат маселесинин айынан. Медалга жетчү, өзүнүн деңгээлин көрсөтө алчу балбандарды гана алып баратабыз. Биз эртеңки күндү ойлогон жокпуз. Өспүрүмдөр да барып, көрүп-үйрөнүп, тажрыйба топтоп келсин дегенди ойлобой жатабыз", — деди Маджинов.
Ал эгер каражат бөлүнсө, дүйнө чемпионатына Кыргызстандан көбүрөөк спортчу катышмактыгын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0