Машыктыруучу Александр Крестинин "Дордой" футбол клубунан кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Бишкектик клуб футбол адисинин иштен кетүү боюнча өтүнүчүн кабыл алган. Крестинин команданы 2017-жылдан бери машыктырып келген.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Александр Крестинин "Дордой" футболдук клубунун башкы насаатчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу команданын расмий сайты жазды.
Бишкектик клуб машыктыруучунун иштен кетүү боюнча өтүнүчүн кабыл алган.
"Александр Крестинин "Дордойго" 2017-жылы келип, команда менен биринчи эле жылы Кыргызстандын кубогу мелдешин уткан. Анын жетекчилиги астында "Дордой" төрт жыл (2018, 2019, 2020, 2021-жылдары) удаасы менен өлкө чемпиону болгон. Эки ирет өлкө кубогунун (2017, 2018) жана эки жолу (2019, 2021) Кыргызстандын Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон", — деп айтылат маалыматта.
Крестинин жалпы жонунан клубда башкы насаатчы катары 169 беттеш өткөргөн.
Эскерте кетсек, Александр Крестинин 2014-жылдан бери футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп келет. Ага удаа эле Бишкектин командасын машыктырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0