Бишкекте тогуз коргоол боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТогуз коргоол оюну. Архив
Тогуз коргоол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Чемпионатка республиканын бардык региондорунан келген 100гө жакын улан-кыз катышат. Турнирдин жеңүүчүлөрү 9-ноябрда аныкталат.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Тогуз коргоол улуттук оюну боюнча жаштар арасында Кыргызстандын 2021-жылдагы чемпионаты башталат. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.
Анын айтымында, мелдеш баш калаадагы "Азия-Молл" соода борборунда өтөт.
"Мелдеш өлкөнүн Тогуз коргоол федерациясынын туңгуч президенти, Кыргыз Республикасынын спорт чебери, өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдисалим Чылымовдун байгесине арналып өткөрүлөт", — деген ал.
Чемпионатка республиканын бардык региондорунан 100гө жакын улан-кыз келип катышат.
Мелдештин салтанаттуу ачылышы 6-ноябрда саат 12:00дө болот. Оюндар күн сайын саат 10:00дө башталып, 9-ноябрда аяктайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0