Мээрим Жуманазарова Ослодо кармашкан Ханум Велиева менен жакында кайра беттешет

© Фото / United World WrestlingТокио Олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жумазарова. Архив
Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жумазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Октябрда Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Бирок РФтин Күрөш федерациясы беттешке калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айткан.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жумазарова Москвада өтө турчу күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышып, россиялык Ханум Велиева менен кармашат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине спортчунун башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков кабарлады.
"Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" аталышындагы турнир 3-декабрда болот. Анда грек-рим, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, грэпплинг боюнча кармаштар өтөт.
Нурбек Изабековдун айтымында, аталган мелдеште спортчулар финалга жетүү үчүн бир нече кармаш өткөрбөйт, тагыраагы, эки балбан беттешип жеңүүчү аныкталат.
"Бизге Россиянын Күрөш федерациясы тарабынан Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүүгө сунуш түшкөн. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, макулдугубузду бергенбиз", — деди машыктыруучу.
Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан кыз жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Мээрим алдыга чыкты. Кыргыз балбандары UWW уюмунун рейтингинде секирик жасашты
Россиянын машыктыруучу штабы Жуманазарова менен Велиеванын беттешине калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан. Алардын пикиринде реферилер ката кетирген.
Аталган чемпионаттын финалында Мээрим алтын утуп, тарых жараткан. Ал эгемен тарыхта Айсулуу Тыныбековадан кийин эле алтын алган балбан аталып калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0