Кыргызстан 20 жылдан соң беттеше турган Сингапурдун командасы тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба КФСКыргызстан курама командасы. Архив
Кыргызстан курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Бүгүн Шаржа шаарында эки команданын жолдоштук беттеши өтөт. Алар мындан жыйырма жыл мурда, 2001-жылы, 2002-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда эки жолу оюн өткөрүшкөн.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Сингапурдун командасы 20 жылдан кийин кайрадан беттешкени турат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Бүгүн 19:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Шаржа шаарында (БАЭ) эки команданын жолдоштук беттеши өтөт.
Алар мындан жыйырма жыл мурун, тактап айтканда, 2001-жылы, 2002-жылкы дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунда эки жолу беттешкен. 2001-жылдын 3-февралында Сингапур шаарынын улуттук стадионунда тандоо раундунун биринчи турунда үй ээлери Кыргызстандын курама командасын кабыл алган.
Беттешке 25 миң күйөрман келип, үй ээлерин алдыга сүрөп жатышкан. Беттеш голсуз тең чыгуу менен аяктап жатканда 82-мүнөттө кыргыз курама командасынын чабуулчусу Илья Коваленко топ киргизип, жеңиш алып келген. Экинчи беттеш 2001-жылдын 27-февралында Кувейтте болуп, Кыргызстан номиналдык түрдө кожоюн деп эсептелинген. Бул оюн тең чыгуу менен аяктап, эсеп 1:1 болгон. Анда да чабуулчу Илья Коваленко гол киргизген.
Кыргызстандык футболчу кыздар Азия чемпионатында ойношот - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Кыргызстандык футболчу кыздар клубдар арасындагы Азия чемпионатында ойношот
Атаандаштар тууралуу эмне белгилүү
Сингапурдун курама командасын "Азия арстандары" деп аташат. 2021-жылдын октябрына карата Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде 160-орунду ээлейт. Команданын башкы машыктыруучусу япониялык адис Тацума Йосида.
Команда 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун акыркы үч оюнунда Сауд Аравияга (0:3), Өзбекстанга (0:5) жана Палестинага (0:4) утулуп калган. Команда жети упай менен өз тайпасында 4-орунду ээлеген. Команданын курамын жергиликтүү чемпионатта ойногон  спортчулар түзөт.
Сингапур Кыргызстан менен болгон жолдоштук беттештен кийин 16-ноябрда Марокко менен ойнойт.
Ал эми Кыргызстан ошол эле күнү Бахрейндин спортчулары менен беттешет.
Жаңылыктар түрмөгү
0