Кыргызстандын футбол боюнча командасы сингапурлуктарды жеңди. Видео

© Фото / пресс-служба КФСКыргызстан менен Сингапурдун ордосундагы жолдоштук беттеш учурунда
Кыргызстан менен Сингапурдун ордосундагы жолдоштук беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Алгачкы 10 мүнөттө Кыргызстан эки гол киргизүүгө жетишти. Экинчи таймда кыргызстандыктардын бир футболчусу оюндан четтеп калганына карабастан курама команда жеңишке жетти.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы сингапурлук каршылаштарын 2:1 эсебинде жеңип алды.
Жолдоштук беттеш бүгүн, 11-ноябрда, Шарджа шаарында (БАЭ) өттү. Бул курама командалар 20 жыл мурда, 2001-жылы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда кез келип, ошондон бери ойной элек болчу.
Кыргызстан биринчи мүнөттө эсепти ачты. Айзар Акматов Фархат Мусабеков өткөрүп берген топту башы менен дарбазага киргизди.
Оюндун тогузунчу мүнөтүндө кыргызстандык Эрнис Батырканов экинчи гол менен кубантты.
Ал эми 21-мүнөттө сингапурлуктар гол киргизди. Экинчи таймдын башталышында кыргызстандык Эржан Токтаев кооптуу оюн жүргүзгөнү үчүн кызыл кагаз алып, оюндан четтеп калды. Бирок буга карабастан курама команда жеңишке жетти. 
Жаңылыктар түрмөгү
0