Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчу кыздарга күрөштүн ыкмаларын үйрөттү. Видео

© Фото / United World Wrestling / Martin GaborКыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова
Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Тыныбекова 13-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатынын Манхейм шаарында Wrestle Like a Girl уюмунда америкалык спортчу кыздарга күрөш үйрөткөн.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова АКШлык спортчу кыздарга мастер-класс өттү. Бул тууралуу ал өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди. 
Эки жолку дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Тыныбекова 13-ноябрда АКШнын Пенсильвания штатынын Манхейм шаарында Wrestle Like a Girl уюмунда америкалык спортчу кыздарга күрөш өнөрүнүн ыкмаларын үйрөткөн.
Wrestle Like a Girl уюму АКШнын үч жолку чемпиону, эки ирет дүйнө чемпионатынын коло байгесин уткан Салли Робертс тарабынан негизделген. Уюмдун ишмердүүлүгү аялдар күрөшүн өнүктүрүү аркылуу кыз-келиндер мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Мастер-класс өткөнүн балбан кыз өзү да Instagram баракчасында эскерип, аябай толкунданганын билдирген. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

"Мен АКШда Wrestle like a girl уюмунда алгачкы ирет мастер-класс өттүм. Чынын айтсам аябай толкундандым. Бирок ал кыздар мени жылуу маанайда, колдоо менен кабыл алышты. Алардын бийик максаттарга жетишине тилектештигимди билдирем", — деген Тыныбекова.
Спортчу кыз буга чейин алдыда дагы ийгиликтерди багындыруу АКШда машыгуусун улантып жатканын айткан.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султанда (Казакстан) жана 2021-жылы Ослодо (Норвегия) өткөн дүйнө чемпионаттарында алтын медаль уткан. Токио Олимпиадасынын күмүш байге тагынган. Мындан сырткары, 2020-жылы Сербияда өткөн дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0