Тик турган абалда эстен танды. Боксчу кыздын чанда кездешкен нокаутунун видеосу

© REUTERS / ANDREW BOYERSАмерикалык боксчу Алисия Баумгарднер улуу британиялык атаандашы Терри Харперди менен
Америкалык боксчу Алисия Баумгарднер улуу британиялык атаандашы Терри Харперди менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Мушкер кыздар кесипкөй бокстун IBO жана WBC түрү боюнча чемпиондук кур үчүн таймашкан. Төртүнчү раундда америкалык атлет атаандашын эстен тандыра соккон.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Америкалык боксчу Алисия Баумгарднер улуу британиялык атаандашы Терри Харперди адаттан тыш нокаутка кетирди. Беттештеги өзгөчө учурду DAZN Boxing Twitter баракчасына чыгарды. 
​Таймаш Британиянын Шеффилд шаарында өттү. Экинчи жарым жеңил салмактагы кармаштын байгесине Дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) жана Эл аралык бокс уюмунун (IBO) чемпиондук куру коюлган.
Мушкер машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Башкача нокаут. Соккудан соң 17 секундадан кийин кулаган Малыштын видеосу
Баумгарднер төртүнчү раундда нокаут менен утту. Анын кубаттуу соккусунан кийин Харпер тик турган абалда эстен танган. Калыс дароо беттешти токтотуп, британиялык спортчуну рингдин бурчуна отургузган.
Баумгарднер жеңилбес мушкер бойдон калды. Муну менен ал онунчу атаандашын утту, бир жолу тең чыгуу болгон. Харпер үчүн бул карьерасындагы алгачкы жеңилүүсү болду. Буга чейин ал 11 таймашта уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0