Мушкер Азиз Сатыбалдиев АКШдагы Titan FC лигасында беттешке чыгат

Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Атлеттер лиганын 17-декабрда АКШнын Майами штатында өтүүчү Titan FC 73 мелдешинде жеңил салмак дивизионунда кармашат.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын ММА мушкерлеринин бири Азиз Сатыбалдиев кезектеги беттешин АКШдагы Titan FC лигасында өткөрөт. Ал тажикстандык Мухаммад Наимов менен кез келерин аталган уюм билдирип, мушкерлердин постерин Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Titan FC (@titanfighting)

Атлеттер 17-декабрда АКШнын Майами штатында өтүүчү Titan FC 73 мелдешинде жеңил салмакта кармашат.
 Кыргызстандык ММА мушкери Тилек Машрапов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Тилек Машрапов ACA ММА лигасында тажикстандык мушкер менен таймашат
Спортчунун менеджери Асан Султановдун айтымында, эгер кыргыз мушкери бул кармашта жеңсе, анда ал UFC уюмуна кабыл алынат.
Кыргызстандык мушкер ушул жылдын 3-сентябрында Москва шаарында өткөн EMIR FC Global – 007 мелдешинин башкы беттешинде россиялык Асланбек Каровду утуп, чемпиондук курду алган.
Сатыбалдиев жалпысынан ММА спортунда 20 беттешке чыгып, 16сын уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0