АФК президенти менен кыргыз футболун өнүктүрүү талкууланды

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКФС президенти Медербек Сыдыков АФК президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолукту, Манама шаары (Бахрейн)
КФС президенти Медербек Сыдыков АФК президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолукту, Манама шаары (Бахрейн) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Эки жетекчи алдыдагы долбоорлорду талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегине токтолушту. Жолугушуу АФК президентинин мекенинде өткөн.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кечээ, 16-ноябрда, Бахрейндин борбору Манама шаарында Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолукту. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Сыдыков Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максаттары жана пландары менен бөлүшкөн. Тараптар учурда футбол Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө да, бүткүл Азия континентинде өнүгүүсү үчүн алакаларды түзүү боюнча иштөө маанилүү экенин белгилешти.
Тараптар ошондой эле келечектеги долбоорлорду талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегине токтолушту.
Жаңылыктар түрмөгү
0