UFC чемпиону Пётр Янды уткан Нуржигит: колун кайрысам багынып берген

© Фото / предоставлено Нуржигитом Турдубай уулу Боец без правил Нуржигит Турдубай уулу
Боец без правил Нуржигит Турдубай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Кыргызстандык Нуржигит Турдубай уулу UFC уюмунун эң жеңил салмактын учурдагы утурумдук чемпионун, россиялык мушкер Пётр Янды 2013-жылы ММА беттешинде утуп алган.
Sputnik Кыргызстан Россияда жашап-иштеп жүргөн 29 жаштагы мушкерди таап, болочок чемпион менен кайсы мелдеште беттешип, кантип утуп алганын сурады. Ал, мындан сырткары, бөтөн жердеги кыйынчылыктарга карабастан MMA спорту менен шугулданганы, ийгиликтери тууралуу айтып берди.
— Нуржигит, сиз UFC уюмунун эң жеңил салмактын учурдагы утурумдук чемпионун, россиялык мушкер Пётр Янды ММА беттешинде утуп алган жайыңыз бар. Муну көпчүлүк биле бербесе керек. Кененирээк айтып берсеңиз.
— Бул 2013-жылы Россиянын Кемерово облусунда өткөн мелдеште болгон. Башталганда эле ал лоу-кик (бутка тебүү) жасады. Мен анын чабуулунан кутулуп, бутка кирип жерге жыккам. Кийин ал мени астына алып алганда, учурун таап колун кайрып салсам багынып берген.
Менден бир жаш кичүү экен. Эми ал кезде Ян азыркыдай атак-даңкка жете элек, ММА спортуна жаңыдан аралашып келе жаткан мезгили эле. Дүйнө эли эмес, өз өлкөсү деле тааный элек болчу. Мен Россияга 2006-жылдары келгем. Ян менен чыкканда аралаш мушташ спорту менен машыкканыма бир-эки жыл болгон.
— Беттеш алдында анын мушташуу стилине карата даярдандыңыз да?
— Ооба, ал мага чейин өзбекстандык Мурад Бакиев аттуу атлетти нокаутка кетирип уткан болчу. Машыктыруучу менен кеңешип, баарын кылдат байкаштырып, чабуулга ыктаган тактиканы тандаган болчубуз. Ал ийгилик алып келди.
— Ал жеңиш үчүн кандай сыйлык алгансыз?
— Он миң рубль акчалай сыйлык берилген мага.
— Ян менен андан кийин да жүз көрүшкөн учурлар болсо керек?
— Эки жылдан соң, 2015-жылы, Новосибирск шаарында өткөн Сибирь федералдык округунун ММА боюнча мелдешинде жолукканбыз, бирок учурашкан эмеспиз. Анын мүнөзү башкача. Атаандаш болгонубуз үчүнбү, айтор, такыр жакындабайт.
Баса, ошол мелдеште ал чемпион болгон. Мен клубдагы командалаштарды коштоп барган болчумун. Россиянын жарандыгы жок болгону үчүн ал турнирге чыга алган эмесмин.
— 2010-2015-жылдары Россиянын Сибирь аймагында ММА спортунда кыргызстандык мушкерлер үстөмдүк кылган дешет...
Кыргызстандык мушкер Турсунбек Асылгазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2020
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги
— Ушул жерден мактана кетейин (күлүп), туура белгилеп кеттиңиз. Сибирь аймагында аралаш мушташ боюнча кандай гана мелдеш болбосун, башкы орундарды Красноярск шаарындагы кыргыздар ээлечүбүз. Россиялык мушкерлер кээде үчүнчү орунга да жетчү эмес. Мен жеңил салмактар боюнча айтып жатам. Анткени бизде оор салмакта атлеттер жок болчу. Башкы байге үчүн күрөш өзүбүздүн арабызда же Борбор Азиядан келген мигранттар менен жүрөт эле.
Янды уткандан кийин анын машыктыруучусу кийин ММА спортунан Сибирь федералдык округу боюнча президент болгон. Бизге келип жолугуп, ким экенибизди, улутубузду, кайсыл мамлекеттен келгенибизди кызыгып сураган.
2015-жылдардан кийин аталган аймактардагы мелдештерге Россиянын жарандыгы бар спортчулар гана чыга турган эреже кабыл алып коюшту. Көп жылдап Россияда жашап-иштеген, бирок жарандыгы жок мыкты спортчулар мелдештерден четтеп калды. 
© Фото / предоставлено Нуржигитом Турдубай уулу Кыргызстандык Нуржигит Турдубай уулу UFC уюмунун эң жеңил салмактын учурдагы утурумдук чемпионун, россиялык мушкер Пётр Янды 2013-жылы ММА беттешинде утуп алган.
Боец без правил Нуржигит Турдубай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандык Нуржигит Турдубай уулу UFC уюмунун эң жеңил салмактын учурдагы утурумдук чемпионун, россиялык мушкер Пётр Янды 2013-жылы ММА беттешинде утуп алган.
— Петр Ян азыр абройлуу промоушенде чемпион... Бир кездерде аны утуп алганыңыз үчүн сиз сыймыктанасызбы?
— Албетте, сыймыктанам. Эми ал кез азыркыдан такыр башка эле. Ян өжөр, өтө аракетчил, принцибине бекем турган, максатына жетүүгө жан далбас урган бала экен. Анын үстүнө аны финансылык жактан колдогон күчтүү демөөрчүлөрү бар. Ийгиликке жетүү үчүн бир канча машыктыруучуларын алмаштырды. АКШ, Таиландда комплекстүү машыгуулардан өтүп жатат. Мындай шартта, албетте, өсүү болот.
Cage Fury Fighting Championships уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Зулкарнайн Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жүк ташып иштейм. АКШда чемпион болгон мушкер Зулкарнайн менен маек
Бизде күндүз жумуш, кечинде машыгуу... АКШ, Таиланд, Дагестан эмес, керек болсо Кыргызстандын абасы таза тоолорундагы жайларына да окуу-машыгууга бара албайт элек.
Мен негизи буга чейин эч кандай спорт менен деле машыккан эмесмин. Иштеп жүрүп эле күндөрдүн биринде досторум менен өзүм жашаган Красноярск шаардагы Мухаммед Али атындагы спорттук клубга келгем. Грэпплинг күрөшү, анан аралаш мушташ спортунан машыгып баштап, кийин кызыгып кеттим.
— Спорттогу жетишкендиктериңиз менен бөлүшсөңүз...
— Россиянын Красноярск облусунун ММА боюнча эки жолку, грэпплинг боюнча да эки ирет чемпиону болгом. Мен көп учурда күрөшөм. Тик турган абалда деле тээп, сокку урам. Сологоймун, урганда да, тепкенде да сол кол, сол бут негизги болот. Бирок мага күрөш жакыныраак. Атаандашты takedown (жерге жыгуу) ыкмасына алып, партерде (жерде жатып алышуу) муунтуп же кайрып утканга аракет кылам. Маселен, Пётр Янга жасаган ыкма менин эң мыкты өздөштүргөн ыкмам болчу. 
© Фото / предоставлено Нуржигитом Турдубай уулу Турдубай уулу: ал кезде Ян азыркыдай атак-даңкка жете элек, ММА спортуна жаңыдан аралашып келе жаткан мезгили эле
Боец без правил Нуржигит Турдубай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Турдубай уулу: ал кезде Ян азыркыдай атак-даңкка жете элек, ММА спортуна жаңыдан аралашып келе жаткан мезгили эле
— Машыктыруучуңуз тууралуу айта кетсеңиз…
— Машыктыруучум Акылбек Мелибаев. Ишине так, мыкты устат. Клубга бутун сүйрөп басып келген канчалаган уланды атаандашын сулата тээп же көтөрүп чапкан мушкер кылып чыгарды. Мен да алардын биримин.
Акылбек устатым адамды беттешке психологиялык жактан өтө жакшы даярдайт. Атаандашка карата ылайыктуу стилди туура тандай билет. Өзүнүн ишине өтө берилген, устаттыкты жан дили менен аткарат. Оор басырыктуу, мекенчил инсан. Ал киши экөбүз ага-инидей мамиледебиз.
— Жалпысынан ММА спортунда канча беттешке чыккансыз?
— Сүйүүчүлөр арасында көп беттешке чыктым. Ал эми кесипкөйлөр арасында төрт таймашка чыгып, төртөөндө тең жеңгем. Россияда эки беттеште уттум. Анан Кыргызстандагы WEF GLOBAL (World Ertaymash Federation) лигасында эки кармашта жеңүүчү болгом. Дүйнөлүк ММА спортуна байланышкан Sherdog маалыматтык порталдагы көрсөткүчүм 4 беттештен 4 жеңиш деп турат.
— Азыр да ММА беттештерине чыгасызбы? Акыркы ирет ким менен кез келдиңиз?
— Акыркы жолу 2016-2017-жылдары Fireball Grand Battle мелдешинде таймаштым. 65 килограмм салмакта россиялык Виктор Сидрелев менен кез келгем. Бою менден аябай узун экенине карабай башына тээп бүк түшүрүп, 11 секундада нокаутка кетирип уткам. Аны мен мурдатан билчүмүн. Ушул уюмда 5-6 беттеш өткөрүп, баарында жеңүүчү болуп жүргөн эле.
Негизи мен ал турнирде командалашым беттешке даяр болбой калып, ошонун ордуна чыккам. Беттешке 20 күн калганда сунуш түшүп, даярдыкты баштагам. Ошондо таза салмагым 78 килограмм болчу. Диета менен 19 күндө төрт килограмм кетирип, беттеш алдындагы салмак текшерүү боло турган күнү ашыкча тогуз килограммдан арылып, таймашка чыккам.
Азыр турмуш-шартка байланыштуу убактылуу чыкпай калдым. Бирок машыгуумду улантып жүрөм. Мыкты менеджер чыгып, жакшы лигалардан сунуш болсо азыр да чыкканга кудуретим жетет. Дагы деле ал-күчүм бар дегендей... Шарт, жагдай туура келбей жатат. 
© Фото / предоставлено Нуржигитом Турдубай уулу Турдубай уулу: Ян менен чыкканда аралаш мушташ спорту менен машыкканыма бир-эки жыл болгон
Боец без правил Нуржигит Турдубай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Турдубай уулу: Ян менен чыкканда аралаш мушташ спорту менен машыкканыма бир-эки жыл болгон
— Беттештерде эң көп алган гонорарыңыз канча болгон? Ким менен кайсыл беттеште көп сый акы алгансыз?
Кыргызстандык уста Ишенбек Жакыпбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Бул киши жок дүйнөдө бир да бильярд чемпионаты өтпөйт. Уста Жакыпбековдун маеги
— Жогоруда Fireball Grand Battle мелдешиндеги беттеште 57 миң рубль акчалай сыйлык алганмын. Бул менин ММАдагы эң көп гонорарым болгон.
Аралаш мушташ чыныгы эр-азаматтардын спорту болгону үчүн мага абдан жагат. Ушул спортко катышып калганыма сыймыктанам. Көп досторду таптым, жакшы адамдардан тааныш арттырдым. Спорт адамды эрктүү болууга тарбиялайт экен. Ден соолук чың болот. Эми сокку тийип же туура эмес уруп, тээп алып, колу-бутуң кайрылган, жаракат алган учурлар болот. Бирок ал көрүнүштөр менин кызыгуума тоскоолдук жарата албады.
— Кайсыл жердин кулуну болосуз? Россияга кантип барып калдыңыз эле?
— Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөм. Мектепти аяктап, 2006-жылдары кадимки мигрант сыяктуу эле жумуш издеп баргам. Красноярск шаарына келгениме быйыл 15 жылдай болуп калды. Коммерциялык багытта ишкерлик кылам. Өзүм үчүн машыгам. Жакында эле РФ жарандыгын алдым. Ушундай жашоо... 
© Фото / предоставлено Нуржигитом Турдубай уулу Турдубай уулу: Сибирь аймагында аралаш мушташ боюнча кандай гана мелдеш болбосун, башкы орундарды Красноярск шаарындагы кыргыздар ээлечүбүз
Боец без правил Нуржигит Турдубай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Турдубай уулу: Сибирь аймагында аралаш мушташ боюнча кандай гана мелдеш болбосун, башкы орундарды Красноярск шаарындагы кыргыздар ээлечүбүз
— Чет элде жүрүп, иштеп, аны менен кошо машыгуу кыйын болсо керек?
— Ооба, аябай кыйын. Өзгөчө финансылык жагынан көп муктаждык болот. Биз бардык мелдештерге өзүбүздүн каражат менен катышчубуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0