Пара пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына бара турган спортчулардын тизмеси

© пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек ШамбетовВстреча мэра Бишкека Айбека Джунушалиева с участниками Чемпионата мира по пара пауэрлифтингу
Встреча мэра Бишкека Айбека Джунушалиева с участниками Чемпионата мира по пара пауэрлифтингу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Чемпионат 25-ноябрдан 6-декабрга чейин Грузиянын Тбилиси шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан алты спортчу, эки машыктыруучу барат.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев пара пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган спортчулар менен жолукканын муниципалитет билдирди.
Чемпионат 25-ноябрдан 6-декабрга чейин Тбилиси (Грузия) шаарында өтөт. 
© пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек ШамбетовБишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев пара пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган спортчулар менен жолукту
Встреча мэра Бишкека Айбека Джунушалиева с участниками Чемпионата мира по пара пауэрлифтингу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев пара пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган спортчулар менен жолукту
Калаа башчысы спортчуларга ийгилик каалап, чакан белектерин тапшырган.
Эл аралык таймашка бара тургандардын тизмеси:
  • Эсен Калиев – Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, Лондондо жана Рио-де-Жанейродо өткөн Паралимпиадалык оюндарга катышып, бешинчи орунду ээлеген. 2018-жылы дүйнө чемпиону болгон. Дүйнө кубогунун көп жолку ээси;
  • Жыргалбек Оросбаев – эл аралык класстагы спорт чебери, Рио-де-Жанейродо өткөн паралимпиадага катышып, алтынчы орунду ээлеген. Уландар арасында дүйнө рекордчусу, дүйнө кубогунун көп жолку ээси;
  • Азизбек Замирбек уулу – Кыргызстандын спорт чебери, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси (2019), чоңдор арасындагы дүйнө кубогунун коло медаль ээси (2021), Тбилисиде, кийин Дубайда өткөн уландар арасындагы дүйнө кубогунда биринчи орунду алган (2021).
  • Азизбек Нарбаев – Дубайда өткөн уландар арасындагы дүйнө кубогунда биринчи орунду алган (2021);
  • Темирлан Руслан уулу - Дубайда өткөн уландар арасындагы дүйнө кубогунда биринчи орунду алган (2021);
  • Миргүл Болоталиева – Дубайда өткөн юниорлор арасындагы дүйнө кубогунун катышуучусу;
  • Аднан Жабраилов – Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорт боюнча эмгек сиңирген кызматкер, СССРдин спорт чебери;
  • Шейшенкул Бакиров – Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорт боюнча эмгек сиңирген кызматкер, СССРдин спорт чебери.
Жаңылыктар түрмөгү
0