Шевченко: эки жыл мурун алган дем-күч менен наамымды алты ирет коргодум. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековПриезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкек
Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Мушкер мекенине акыркы жолу 2019-жылы жазында келип кеткен. Ал ошондогу дем-күч жана күйөрмандарынын колдоосу шыктандырарын айтты.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугуп жатат.
Мушкер менен жолугушууга жүздөгөн киши келген.
"Үйүмө келгениме кубанычтамын. Кыргызстан менин мекеним, күч топтогон жерим. Эки жыл мурун алган дем менен наамымды алты ирет коргодум. Дагы ошончо күч алып кетем деп ойлойм. Келгениңиздерге ыраазычылык. Кыргызстан, алга!" — деди Шевченко.
Ошондой эле мушкерге күйөрмандарынын бири чапан кийгизип, жоолук салат.
Шевченко Бишкекке кечээ, 21-ноябрдын таңында, учуп келген. Ал мекенинде үч-төрт апта болорун, Ысык-Көлгө барууну пландаганын айтты.
Валентина Кыргызстанга акыркы жолу 2019-жылы 7-апрелде келип, 8-9-апрель күндөрү Бишкекте жана Ошто күйөрмандары менен жолугуп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан "Даңк" ордени менен сыйланган. Ошондой эле бир жумалык эс алуусунда бир топ жерге барганга жетишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0