Кыргызстандык төрт дзюдочу БАЭдеги эл аралык мелдешке катышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдо боюнча мелдеште спортчу. Архив
Дзюдо боюнча мелдеште спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Балбандар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан турнирге жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Abu Dhabi Grand Slam эл аралык мелдешине катышат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 24-28-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өтөт.
Аталган эл аралык ири турнирге улуттук команда төмөнкү курамда катышат:
  • Кубанычбек Айбек уулу (66 килограмм), спорт чебери;
  • Байбол Саламат уулу (66 килограмм), спорт чебери;
  • Эльтур Турдубаев (73 килограмм), спорт чебери;
  • Эрлан Шеров (90 килограмм), спорт чебери.
Кимоночон балбандарды башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов жетектеп барат.
Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан мелдешке жөнөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0