Мыкты машыктыруучу Нурбек Изабеков жана кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы. Архив

Тыныбекова менен Жуманазарова атаандаш. Өлкөдө мыкты спортчулар аныкталууда

1431
(жаңыланган 12:36 23.11.2021)
Спорт агенттиги менен Улуттук олимпиада комитети өнөктөш болгон "SportsAwards — 2021" сынагы талапкерлерди бир нече категория боюнча тандайт.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мыкты спортчулар менен спорт ишмерлерин аныктаган "SportsAwards — 2021" сынагынын номинанттары бекитилип, добуш берүү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлик кабарлады.

Сыйлык тапшыруу аземи 1-декабрда Улуттук филармонияда болот. Иш-чара быйыл жетинчи жолу өтүүдө. Быйылкы саамалык министрликтин алдындагы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана Улуттук олимпиада комитети менен өнөктөштүктө уюштурулуп жатканы белгиленет.

"Жеңүүчүлөр жалпы элдик добуш берүүнүн жана эксперттик комиссиянын баалоосунун негизинде аныкталат. Добуш берүүдө талапкерлерди тандоо topsport.kg сайтында жана анын социалдык тармактагы расмий баракчаларында өткөрүлөт", — деп жазылган маалыматта.

"Улуттук спорттун түрү боюнча мыкты спортчу" наамына талапкерлер:

  • Азизхан Мусабек уулу — кыргыз күрөш;
  • Ынтымак Мурадил уулу — салбуурун;
  • Нурсултан Майрамбек уулу — ордо.

Мыкты машыктыруучу:

  • Турат Тойчубеков — кыргыз күрөш;
  • Нурлан Молдакунов — салбуурун;
  • Жаныбек Айталиев — ордо.

Олимпиадалык спорт боюнча мыкты спортчу мырза:

  • Владимир Золоев — дзюдо;
  • Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;
  • Алибек Осмонов — эркин күрөш;

"Мыкты спортчу айым" наамына үч балбан кыз талапкер:

  • Мээрим Жуманазарова;
  • Айпери Медет кызы;
  • Айсулуу Тыныбекова.

Мыкты машыктыруучу:

  • Нурбек Изабеков — кыз-келиндер күрөшү;
  • Руслан Маджинов — эркин күрөш;
  • Азат Эркимбаев — грек-рим күрөшү.

Олимпиадалык эмес спорт боюнча мыкты спортчу мырза:

  • Азат Аманбеков — самбо;
  • Икбол Фозилжонов — кикбоксинг;
  • Бейбарс Анарбаев — бел боо күрөшү.

Мыкты спортчу айым:

  • Айжан Анарбекова — бел боо күрөшү;
  • Айсалкын Жаныбекова — кармашып мушташуу;
  • Самара Абдумалик кызы — самбо.

Мыкты машыктыруучу:

  • Александр Воинов — кикбоксинг;
  • Азамат Казакбаев — самбо;
  • Нурбек Кожобеков — бел боо күрөшү.

"Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында мыкты спортчу" наамына талапкерлер:

  • Арстанбек Базаркулов — жеңил атлетика;
  • Дастан Камчыбеков — сууда сүзүү;
  • Нурбек Тойчубаев — триатлон.

Жыл жаңырыгы:

  • Эрназар Акматалиев — эркин күрөш;
  • Нурсултан Куштарбек уулу — грэпплинг;
  • Нурманбет Раймалы уулу — бел боо күрөшү.

Мыкты улакчы:

  • Аскат Аскаров;
  • Нуржан Мелисбек уулу;
  • Кубаныч Султан уулу.

ММА боюнча мыкты мушкер:

  • Алтынбек Мамашов;
  • Бусурманкул Абдибаит уулу;
  • Алимардан Абдыкааров.

Мындан сырткары, иш-чаранын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы, "Мыкты меценат" жана "Мыкты федерация" наамдары каралган. Ошондой эле Улуттук олимпиада комитети Мурат Саралиновдун атындагы сыйлыктын ээлерин да өз алдынча аныктайт. Бул сыйлыктын алкагында олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча бирден спортчу мырза жана спортчу айым тандалып 1 000 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берилет.

1431
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, спорт, сыйлык, талапкер
Тема боюнча
Кыргызстандык төрт дзюдочу БАЭдеги эл аралык мелдешке катышат
Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова

Айдарова: Бишкекте көркөм гимнастика боюнча биринчи фестиваль өтөт

258
Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова 9-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Мурас" аталышындагы биринчи көркөм гимнастика фестивалы өтөрүн айтты.

Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулуп, контемпорари, ушу, цирк артисттери, хореографиялык окуу жайдын бийчилери, чирлидерлердин (спорттук иш-чаралардагы бийчи күйөрмандар) катышуусунда өтөт. Мындай маалыматты Назира Айдарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдарова: Бишкекте көркөм гимнастика боюнча биринчи фестиваль өтөт

Анын айтымында, фестивалга россиялык белгилүү гимнаст, дүйнө чемпиону Екатерина Селезнёва, аялдар күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова да катышат.

"2017-жылы биздин гимнасттарды олимпиада чемпиону Алина Кабаева Москвада өткөн өзүнүн фестивалына чакырган. 15 кыз тандоодон өтүп, барып келишкен. Ушундан улам Бишкекте чоң программадагы көркөм гимнастика боюнча фестиваль уюштуруу демилгеси пайда болгон. Ушул жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда россиялык Эльдар Сайфутдиновдун режиссёрлугу алдында өтөт. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулууда. Фестивалга жеке гана гимнасттар катышпастан контемпорари, ушу, цирк артисттери, хореографиялык окуу жайдын бийчилери, чирлидерлер да программаларын тартуулашат ", — деди Айдарова.

Ошондой эле жетекчи "Манас" эпосунун негизинде сахналаштырылган атайын программа даярдалып жаткандыгын кошумчалады.

258
Белгилер:
Назира Айдарова, көркөм гимнастика, фестиваль, мурас
Тема боюнча
Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр
Бангладеште тогуз коргоол турнири

Бангладеште тогуз коргоол кулач жая баштады. Даккадагы мелдештен сүрөттөр

70
(жаңыланган 10:58 29.11.2021)
Кыргыздын улуттук интеллектуалдык оюну Бангладеште кенен тарап жатат. Бүгүнкү күндө бул оюнга көптөгөн дүйнө эли кызыгууда.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бангладеште спорттун этникалык түрлөрү, анын ичинде кыргыздын улуттук тогуз коргоол оюну боюнча турнир өттү. Бул тууралуу International Jomasar Council уюмунун экс-вице-президенти, CKU Roermond менеджеринин жардамчысы жана Бангладеш этноспорт ассоциациясынын Нидерланддагы өкүлү Роза Мукамбетова билдирди.

  • Участницы турнира турнира по Тогуз коргоол в Бангладеше. 23 ноября 2021 года
    Бангладеште спорттун этникалык түрлөрү, анын ичинде кыргыздын улуттук тогуз коргоол оюну боюнча турнир өттү
    © Фото / пресс-служба Ethnosport Bangladesh Association
  • Участницы турнира турнира по Тогуз коргоол в Бангладеше. 23 ноября 2021 года
    Анын айтымында, кыргыздын салттуу тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш 23-ноябрда Бангладештин борбору Дакка шаарында өткөн
    © Фото / пресс-служба Ethnosport Bangladesh Association
1 / 2
© Фото / пресс-служба Ethnosport Bangladesh Association
Бангладеште спорттун этникалык түрлөрү, анын ичинде кыргыздын улуттук тогуз коргоол оюну боюнча турнир өттү

Анын айтымында, кыргыздын салттуу тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш 23-ноябрда Бангладештин борбору Дакка шаарында өткөн.

"Мелдешке 200 спортчу кыз катышкан. Малиха Масруор (Maliha Masroor) биринчи орунду ээлеп, турнирдин чемпиону болду. Экинчи орунду Шрабони Актер (Shrabony Akter), ал эми Рабея Махджабин Бристи (Rabeya Mahjabin Bristy) үчүнчү орунду камсыздашкан", — деген ал.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине өлкөнүн Тогуз коргоол ассоциациясынын негиздөөчүсү жана Эл аралык этноспорт ассоциациясынын башкы катчысы Мухаммад Аль Мамун (Md. Al Mamun) катышты. Ал кыргыздын улуттук оюнун Чолпон-Атада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан көргөндөн тарта өз өлкөсүндө мелдештерди уюштура баштаган. Түркиянын Бангладештеги элчиси Мустафа Осман Туран мелдештин расмий коногу болду", — деген Мукамбетова.

Ал белгилегендей, кыргыздын улуттук интеллектуалдык оюну Бангладеште кенен жайылып жатат. Бүгүнкү күндө бул оюнга көптөгөн дүйнө эли кызыгууда.

70
Белгилер:
тогуз коргоол, Кыргызстан, улуттук оюндар, Бангладеш, кыздар, мелдеш
Тема боюнча
Кулжаев: Кыргызстанда регбиге кызыккандар көбөйүүдө
Акча каражаттары. Архив

Жыл башынан бери депозиттин көлөмү 37,4 млрд. сомго көбөйдү

0
Акыркы айларда Кыргызстанда депозиттик база өсүүдө. Мисалы, октябрь айында көлөмү дээрлик 6,5 миллиард сомго көбөйгөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылы банктардагы депозиттердин көлөмү дээрлик 37,4 миллиард сомго көбөйдү, бул кезектеги рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарын карап чыгуу менен келүүгө болот.

Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акча да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды.

Өткөн жылдын аягында каражаттын көлөмү 180,9 миллиард сомдон ашкан. Андан соң бир аз азайып, кийин өсө баштаган, ал эми март айынан тарта жаңы рекорд койгон.

Октябрдын соңунда аманаттардын көлөмү 218,3 миллиард сомго чейин өскөн. Октябрь айында депозиттик база 6 миллиард 458,3 миллион сомго көбөйгөн.

0
Белгилер:
Улуттук банк, депозит, каражат, рекорд
Тема боюнча
Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасындагы тобокел учурларды атады