Роналду командасына кыйкырып, ыйлап жиберди. Архивдик видео

© AFP / MARCO BERTORELLOПортугалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Кадрлардан спортчунун чечинип-кийинүүчү жайга кирип келип, футболкасын жерге ыргытып, клубдаштарына кыйкырганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Интернетте португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун эмоциясын кармай албай калган архивдик видеолору тарады.
Кадрлардан көрүнүп тургандай, спортчу чечинип-кийинүүчү жайга кирип келип, футболкасын жерге ыргытып клубдаштарына кыйкырат. Бул окуя 2020-2021-жылкы чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы тыныгуу учурунда болгон. Анда "Ювентус" менен "Порту" беттешкен.
"Sportkp.ru" басылмасынын жазганына караганда, видеороликтер италиялык "Ювентус" клубу тууралуу "Бардыгы же эч нерсе" деп аталган даректүү тасманын үзүндүсү.
"Акмакчылык! Ушул кантип оюн болсун?!" — деп кыйкырат Роналду.
Аны кесиптеши Хуан Куадрадо "өзүңдү карма, сен элге үлгү болушуң керек" деп жооткотууга аракет кылат.
"Бул сөздүн сага дагы тиешеси бар! Кыйратып ойнобой жатабыз! Бул чемпиондор лигасы. Биз өзүбүздү көрсөтүшүбүз керек!" — деп жооп узатат Криштиану.
Кийин дагы бир видео жарыяланды. Анда футболчу чечинип-кийинүүчү жайга оюн аяктагандан кийин кирип, ыйлап жиберет.
Биринчи беттеште "Ювентус" клубу "Португа" 1:2 эсебинде утулган. Кийинки беттеште дагы алгачкы тайм "Портунун" пайдасына 0:1 эсебинде аяктаган. Биринчи видеодогу окуя дал ошол биринчи таймдан кийин болгон.
36 жаштагы Роналду бул сезондо англиялык "Манчестер Юнайтед" командасынын курамында ойнойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0