UWW уюму Жоламан Шаршенбековго акчалай сыйлык берди

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Дүйнөлүк уюм биринчи жолу күрөштүн эркин, кыз-келиндер жана грек-рим түрү боюнча 30 салмактагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандарды акчалай сыйлайт.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму жылды жыйынтыктап, мыктылар менен кошо кыргызстандык Жоламан Шаршенбековго акчалай сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу маалыматты уюм өзүнүн расмий сайтына чыгарды.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк уюм биринчи жолу күрөштүн эркин, кыз-келиндер жана грек-рим түрү боюнча 30 салмактагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандарды акчалай сыйлайт. Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы атлеттерге үч миң доллар сый акы каралган. 60 килограмм салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны 54 упай топтоп, үчүнчү орунга чыккан. Бул салмакта Жоламанды Токио Олимпиадасында жана Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында жеңген молдовалык Виктор Чобану 76 упай менен биринчини ээлеген. Ал эми Токио Олимпиадасынын чемпиону, кубалык Луис Орта Санчез (68 упай) экинчи орунга татыган.
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
UWW мыкты балбандардын катарында Эрназар Акматалиевге акчалай сыйлык берет
Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков быйыл Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. Ал эми Токио Олимпиадасында чейрек финалга чейин күрөшкөн.
Уюмдун жылды жыйынтыктаган рейтинги боюнча дагы эки кыргызстандык балбан кыз акчалай сыйлык алышы керек. Маселен, кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова рейтингде биринчи орунда турат. Дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта экинчиде. Бирок уюм бул боюнча азырынча маалымат айта элек.
Ranking Series сыйлыгы буга чейин күрөштүн ар бир түрүнөн бирден мыкты балбанына гана берилип келген. 2019-жылдагы жетишкендиги үчүн Айсулуу Тыныбекова “Мыкты балбан кыз” наамына татып, 20 миң швейцар франкы өлчөмүндө акчалай сыйлык алган. 
Жаңылыктар түрмөгү
0