Бекдөөлөт Расулбеков баштаган оор атлетчилер дүйнө чемпионатында ат салышат

© REUTERS / EDGARD GARRIDOТокио Олимпиадасынын катышуучусу Бекдөөлөт Расулбеков. Архив
Токио Олимпиадасынын катышуучусу Бекдөөлөт Расулбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Мелдеш 7-декабрда башталып, 17-декабрда жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчулар учурда Өзбекстанда машыгуу сборунда жүрүшөт.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын катышуучусу Бекдөөлөт Расулбеков баштаган кыргызстандык спортчулар оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Маалыматты өлкөнүн аталган спорт боюнча федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов тастыктады.
Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 7-декабрда башталып, 17-декабрда жыйынтыкталат.
"Расулбеков 102 килограмм салмактагылар арасында А тайпасында финалдык бөлүктө таймашат. Ал 15-декабрда мелдешке чыгат. Мындан сырткары, Ишенбек Муратбек уулу менен Элзар Таиров В тайпада 67 килограмм салмакта ат салышат. Дагы эки лидер атлет Изат Артыков менен Эмил Молдодосовду да даярдаган болчубуз. Ал экөө машыгууда жаракат алып калганына байланыштуу мелдешке барбай калышты", — деген Молдодосов.
Ал ошондой эле учурда спортчулар Өзбекстанда машыгуу сборунда жүргөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0