Укмуш беттеш болот! Роман Власов Акжол Махмудов менен күрөшүү ниетин билдирди

© Фото / World WrestlingКыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Россиялык спортчу кыргыз балбаны өзүн мыкты экенин Токио Олимпиадасында көрсөтө алганын, аны менен беттешке даяр экенин билдирген.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону россиялык спортчу Роман Власов кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен беттеши тууралуу суроолорго жооп берди. Анын маегин Gorilla Fighting Energy MMA өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Gorilla Fighting Energy | MMA (@gorillafighting)

Власов кыргыз балбаны өзүнүн мыкты экенин Токио Олимпиадасында көрсөтө алган деп белгилеген.
"Акжол Махмудов менен беттеш тууралуу мага көптөр жазат. Ал чынында Олимпиаданын күмүш байгесин утуп, спортчу катары өзүнүн канчалык өсүп чыкканын көрсөтө алды. Күрөш сүйүүчүлөрү биздин килемдеги беттешибизге кызыгып жатат. Акжол менен катардагы мелдештерде кез келип калышыбыз мүмкүнбү, билбейм, же аны атайын уюштуруу керек. Эгерде келерки Олимпиада оюндарын (2024-жыл) күтсөк, анда кезикпей деле калышыбыз мүмкүн. Убакыт өтүп бара жатат. Мен ашып кетсе дагы 3-4 жыл күрөшө алам. Ал эми бул беттешти көпчүлүк күтүп жүрөт", — деген Власов.
Чемпион кубка Мира, борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2020
Жоламандын күрөшүнө олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов баа берди
Эскерте кетсек, эки спортчу тең грек-рим күрөшү боюнча эң күчтүү атаандаштык бар делген 77 килограмм салмактын балбандары.
31 жаштагы Роман Власов 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио олимпиада оюндарынын алтын байгесин уткан. Үч жолку дүйнө чемпиону.
Ал эми 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын, 2018-жылдагы Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси. 2018-жылдагы Азия чемпиону.
Жаңылыктар түрмөгү
0