Футболчу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаЗащитник сборной Кыргызстана по футболу Айзар Акматов
Защитник сборной Кыргызстана по футболу Айзар Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Футболчу улуттук команданын сабында ойноп, 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы оюнда дарбазачы болгон.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын коргоочусу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду. Бул тууралуу оюнчунун мурдагы командасы, Бишкектин "Дордой" клубунун маалымат кызматы билдирди.
23 жаштагы коргоочу Бангладештин "Шейх Руссел" клубуна өтөт.
Чабуулчу жана Дорбой футбол клубунун капитаны Мирлан Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Футболчу Мирлан Мурзаев Айшвария Райдын күйөөсү ээлик кылган клубга өттү
Акматов "Дордой" клубунун тарбиялануучусу болуп саналат. Ал команда менен 64 расмий беттеште ойноп, эки гол киргизген.
Футболчу Кыргызстандын улуттук командасынын курамында 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен беттеште дарбазачы болгону менен да белгилүү. Оюн борборлоштурулган форматта Японияда өткөн. Анда команданын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип, беттешке чыгуусуна тыюу салынган. Ал матчта Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган. Токиодогу үч беттештин жыйынтыгы менен улуттук команда кийинки этапка чыга албай калган. Эми 2023-жылы өтүүчү Азия кубогу мелдешине жолдомо алуу үчүн таймашын улантат.
Айзар Акматов "Шейх Русселде" 34-номерде ойнойт.
Эске салсак, аталган клубда өткөн сезондо улуттук команданын дагы бир футболчусу, жарым коргоочу Бахтияр Дүйшөбеков ойногон.
Жаңылыктар түрмөгү
0