Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы биринчи жолу совет доорунда 1966-жылы, экинчи жолу 1971-жылы басылган. 1998-жылы роман кайрадан иштелип чыгып, толукталып, китеп болуп басмадан чыккан. 

Романды жазуу алдында Төлөгөн Касымбеков 25 жылдан ашуун убакыт Ташкент, Москва, Санкт-Петербург шаарларындагы, андан сырткары, Казакстандын, Тажикстандын архивдериндеги материалдарды иликтеп, таанышып чыккан. Роман 176 жылдык тарыхты камтыйт.

"Сынган кылыч" романынын аудио китеби 2017-жылы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарабынан даярдалып, sputnik.kg сайтында жарыяланган. Долбоор жалаң гана аудио китеп менен чектелбей, ичинде романдын толук текстин, чыгарманын кыскартылган вариантын, окуялардын картасын жана каармандардын таржымалын да камтыйт.

Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал
  • Бир жума ичиндеги
  • Бир ай ичиндеги
  • Бир жыл ичиндеги
  • Ушул убакытка чейин
Жаңылыктар түрмөгү
0