2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest

Сауд Аравияда 98 өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган этнофестивалга Кыргызстандан 2000дей киши барат. Делегациянын курамында ырчы-чоорчулар, спортчулар, уз-усталар, зергерлер, кол өнөрчүлөр бар. Андан тышкары, топоз, алгыр куштар жана тайгандардын да өнөрү көрсөтүлмөкчү.