Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды

Кыргыз Эл жазуучусу жана коомдук ишмер Казат Акматов дүйшөмбү күнү 74 жашында каза болду.  Улуу инсан менен коштошуу зыйнаты 16-сентябрь күнү Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театрында өтүп, Аламүдүн районунун Байтик айылында жерге берилет.