Турдакун Усубалиев дүйнөдөн өттү

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду. Ал 1919-жылы Кочкор районунда төрөлгөн.

Усубалиев 24 жыл бою (1961-1986-жылдары) Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болуп иштеген. Кыргызстан Коммунисттик партиянын биринчи секретары болуп иштеген. Ал ошондой эле, үч Ленин ордени, Октябрь революциясынын ордени, Кызыл Туу ордени, Достук ордени жана биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.