Президент Атамбаевге импичмент жарыялоо аракети

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн далилдерди топтой баштаганын билдирди.

Эл өкүлү Атамбаев Конституцияда каралган укуктарынан аша чаап, КСДП партиясынын саясий иштерине аралашып жатканын айткан. Текебаев 2017-жылдын январь, февраль айларында далилдерди таба турганын белгиледи.