Аэропорттогу автоунаадан өлүк табылды

2019-жылдын 23-октябрында "Манас" аба майдандагы унаа токтотуучу жайда токтоп турган автоунаанын багажнигинен 39 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Милиция ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билдирди. Арадан бир жума өткөндөн кийин кылмышка шектелип мурда соттолгон эки жаран кармалды.