Афган бийлиги менен талибдердин тиреши

Учурда Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген Талибандар өкмөттүк күчтөр менен тиреше баштады. Буга тынчсызданган өнөктөш жана коңшу мамлекеттер аймактын коопсуздугу үчүн аракеттерди көрүүдө. Ошол эле учурда АКШ жергиликтүү калк арасындагы тарапташтарын коргоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн жардам сурап жатат.