Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 2018-жылы 13-июлда кезексиз жыйынга чогулуп, калаа башчысы Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты.

Жыйынга катышкан 40 депутат чечимди бир добуштан колдошту.

Албек Ибраимов шаардык кеңештин бул чечими саясий тапшырык экенин айтты.