Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов 19-июлда кармалды. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси боюнча иш козголгон. Учурда Ибраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат.