Актөбөдөгү кандуу окуя жана террорчулукка каршы аскердик операция

2016-жылдын 5-июнь күнү Казакстандын Актөбө шаарында белгисиз кишилер курал  саткан дүкөнгө, андан кийин Улуттук Гвардияга кол салган. Үч жерде атышуу болуп, кол салгандар жана аскер кызматкерлери, жай жарандар окко учкан. Бийлик аларды радикалдык диний уюмдардын жактоочулары деген билдирүү таратып, террорчулукка каршы аскер операциясын  баштаган.