Продюсер Баян Есентаева жана анын айланасындагы окуялар

Казакстандын белгилүү теле алып баруучусу, музыкалык продюсер Баян Есентаева жайында бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү — Бакытжан Есентаев кармалып, камакка алынган. Учурда сот процесстери жүрүүдө. Ал эми продюсер жакындан бери Индиянын храмында ыктыярчы болуп иштеп, фамилиясын алмаштырганын социалдык тармактарга жазып чыкты.